Казахские песни Узбекские песни

Песня «Дары кыз»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам
Жалгыз сага менин сүйүүм аманат
Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен
Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат

Майда майда басканыңдан ыргалып
Жылмаюдан биздин өмүр нурданып
Эч билгизбей жашап келем мен
Өзүмдөн өзүм кызганып

Кайырма :

Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сүйүүм дайра
Эзилемин жаным
Карай берем сени кайра кайра
Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сезимдер дайра
Эзилемин жаным
Карай берем кайра кайра

Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат
Ушул сезим бизге гана жарашат
Төрт мезгилдин сулуулугу сендей
Көздөрүңө көзүм жаным кадалат
Ал ан сайын көзүм албай карадым
Канча өмүр баарын сага арнадым
Жүрөк ээлеп алган үчүн
Дары кыз деп сени атадым

Другие песни исполнителя:

  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың
  • Жаным, бир көрүп ашык болдум сага, Жүрөгүмдө от жалындаган. Менин жанымдан кетпечи, Мен сенден суранам. Мага жылдызың таза жарык чачкан, Сени ойлоп нечен таңым аткан. Жаныма бекем кыссам да, Кумарым канбаган. Айтчы, башыма конгон бакытсыңбы? Агарып аткан таңымсыңбы? Ааламда эч тең келбес, Жалган да жансыңбы? Жаным, бир көрүп ашык болдум сага, Жүрөгүмдө от жалындаган. Менин жанымдан кетпечи, Мен сенден суранам. Жанымдан кетпечи, мен сенден суранам, Жанымдан кетпечи сен…
  • Экөөбүз жолукчу жер, Көлдүн жээги, аба салкын ааай, Күндөгүдөн баскандарын, Бүгүн эртен, арбын арбын, ааай. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң, Ойумда эч нерсе жок ай кучактасам ааай, Башкага жар болдум деп, башкага жар болдум деп ыйлап өптүм. Махабат бооруң ташпы, Агыздың го көздөн жашты ааай, Бактымды кармай албай, Бул сүйүүдөн көңүл калды ааай. Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча ааай, Алтыным кош болгун деп, кете бердиң Көзүмдөн акты жашым, көзүмдөн акты жашым узаганча Кызарып күн жаныдан, Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды. Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.