Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаным, бир көрүп ашык болдум сага,
Жүрөгүмдө от жалындаган.
Менин жанымдан кетпечи,
Мен сенден суранам.

Мага жылдызың таза жарык чачкан,
Сени ойлоп нечен таңым аткан.
Жаныма бекем кыссам да,
Кумарым канбаган.

Айтчы, башыма конгон бакытсыңбы?
Агарып аткан таңымсыңбы?
Ааламда эч тең келбес,
Жалган да жансыңбы?

Жаным, бир көрүп ашык болдум сага,
Жүрөгүмдө от жалындаган.
Менин жанымдан кетпечи,
Мен сенден суранам.

Жанымдан кетпечи, мен сенден суранам,
Жанымдан кетпечи сен…

Другие песни исполнителя:

  • Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп Багындырып баратасың сезимди Баардыгынан жакыныраак көрүнүп Кайырма: Айжамал кай жакка кеттиң сен Сулуу жамал Айжамал жүрөктү сыздатпа Сулуу жамал Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүлүп Окуганды бир оокумда токтотуп Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүнүп Карегиңден түпкүрүндө балбылдап Кайсыл жигит сага турат көрүнүп
  • Тулпар мингем гоо, жаштыктын, Арбытат жолдорун жылдардын. Түшүнүп кайрылбас күндөргө, Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын. Тизгинин тартамын жаштыктын, Ал жетпейт албырып барамын. Туулган күн кече эле өткөндөй, Бүгүн кайра тосуп мен турамын. Кайырма: Куйгула досторум шараптан, Ой басып, буулугуп мен баратам. Билемин себепкер мезгил го, Дайрадай шар аккан, Дайрадай шар аккан, Дайрадай күчү зор шар аккан. Себеле, себеле, себеле ак жамгыр Билинбей кошулду го дагы бир жыл Энекем үчүн деп мен бүгүн Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр. Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр. Анда мен жаш кезде ой менен, Өтүптүр көп күндөр той менен. Туулган күн белгилеп мен бүгүн, Армансыз жаштыкты коё бергем. Кайырма: Куйгула досторум шараптан, Ой басып, буулугуп мен баратам. Билемин себепкер мезгил го, Дайрадай шар аккан, Дайрадай шар аккан, Дайрадай күчү зор шар аккан. Себеле, себеле, себеле ак жамгыр Билинбей кошулду го дагы бир жыл Энекем үчүн деп мен бүгүн Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр. Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.
  • Билбей канча кетирдим ката Баарын бирдей кетирдиң ата Ааламдай кенен жүрөгүң менен Бакыт тилеп бересиң бата Анансайын ойго батамын Азыр минтип өзүм атамын Бактылуумун чындап анткени Баласымын сендей атанын Кайырма; Тилегим атам тирегим атам Ден соолукта узак жашачы Кубатым атам кубанчым атам Өмүрүмдүн сенсиң башаты Бар байлыгым жөлөгүм атам Сизди жакшы көрөмүн ата Аска зоом менин атыңдан сенин Апам менен жүз ашып жаша Билем кээде ойго саламын Бир себеби мен го саананын Өзгөрүлүп ата болсом да Өзүң үчүн дале баламын
  • Бийик, бийик зоолордо, Ак мөңгүлүү тоолордо, Ата-бабам, элим жашаган. Байыртадан элим, Кылымдарга өчпөй, Ата Мекен көчүн улаган. Көк тиреген тоосу, Мелтиреген суусу, Көп адамдын көзүн арттырган. Кайырма: Берекелүү, ыйык Мекеним, Ата Мекеним, кыргыз жерим. Ак калпактуу кыргыз элим, Алгалай бер, кыргыз элим! Ата Мекеним! Душмандардан сактап, Урпактарга улап, Манас ата бизди коргогон. Үч буроосун бурап, Колго комуз ойноп, Ата-бабам мурас калтырган. Көз арттырган жерим, Көз тийбесин сага, Көкөлөп өсө бер алдыга! Кайырма:
  • Өмүрдөгү издеп тапканым, Өзүң менен ачык асманым. Ак жоолук салып, жубай болуп, Астанамды аттадың. Кайырма: Оорусам дарым, жашоомдо баарым, Таттырган бакыт даамын, Менин түбөлүктүү жарым. Апамдын күткөн келини сенсиң, Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин. Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн, Көшөгөнү көрккө бөлөгөн. Үйдүн ичине жарык чачкан, Татынакай затыңдан. Кайырма: