Казахские песни Узбекские песни

Песня «Туулган күн»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тулпар мингем гоо, жаштыктын,
Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпейт албырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.

Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.

Анда мен жаш кезде ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты коё бергем.
Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма:
  • Сен ак куусуң канатчан, Сермеп учуп бараткан. Ишенимдин ачкычы, Издейм бардык тараптан. Сүрдөп кетем чыны бат, Сүйүүм айтам шыбырап, Жылмайгандай сезимге, Жылдыз толот жыбырап. Кайырма: Сыйкырчы жандайсың, Сыноолоруң улам, улам камдайсың. Калп эле назданып, Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың, Кыялкеч жандайсың, Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың, Өзгөчө сүйсөң да, Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың. Мен бир жигит ашыккан, Махабатка машыккан Макул десең мойнуңа, Мончок тагам бакыттан. Көзүң мезгил жазындай, Көрсөм черим жазылбай. Жактырганың чын болсо, Жакын келчи жашынбай.
  • Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың жамгыр сымал төгүлүп Багындырып баратасың сезимди Баардыгынан жакыныраак көрүнүп Кайырма: Айжамал кай жакка кеттиң сен Сулуу жамал Айжамал жүрөктү сыздатпа Сулуу жамал Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүлүп Окуганды бир оокумда токтотуп Ой көлүнө кеткенсийсиң чөмүлүп Залда олтурган сулуулардан бөлүнүп Кара чачың маңдайыңа төгүнүп Карегиңден түпкүрүндө балбылдап Кайсыл жигит сага турат көрүнүп
  • Акырындап баары иргелет, Акыреттик достор бир келет… Арттан жөлөп, күйгөн мен үчүн, Андай досту айтчы ким берет..? Жыгылдым, кыйналдым, толгондум, Сыноосунда тагдыр жолдордун. Кеңеш айтып, тартып колумдан, Ошондо да бирге сен болдуң. Мен сени жакшы көрөм досум, Бул достукту Кудай колдосун! Ортодогу таза мамиле, Кылымдарга чейин орносун ээй! Өмүрдө биз эки кош канат, Биздин достук өчпөй сакталат. Достун досу сендей болот деп, Айткым келет талбай кайталап ээй! Жаш кезден бекемдеп тамырын, Чын достукту курдук акырын. Бир нанды да тең бөлүп жеген, Мага кымбат сенин кадырың. Тиленем, суранам ар таңда, Токсон, жүзгө чыгып барганда. Майрамдарды чогуу белгилеп, Достугубуз өтсүн балдарга.