Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага байланам»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күнгө теңебейм,
Мөлтүрөп жүзүң, берекем,
Эркелетем, эч кимге бербейм.
Сага байланам,
Садагам, келчи кайрадан,
Жылдыздай жанам кумарыңдан.
Сага деген сезим менен,
Бир өзүмдү арнап келем.
Кандай аздык жалгыз гана,
Жүрөгүбүздөн сүйүү деген?
Мага деген мээримиңден,
Созулган кирпигиңден.
Ой да терең сени менен,
Түбөлүк жандап жүрүү деген.
Күнгө теңебейм,
Мөлтүрөп жүзүң, берекем,
Эркелетем, эч кимге бербейм.
Сага байланам,
Садагам, келчи кайрадан,
Жылдыздай жанам кумарыңдан.

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү : К.Бобуловдуку Обону : Ч.Сатаевдики Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм, Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө. Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай. Көздөрүң сонун капкара, Көргөндө жүрөк апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге кеттиңби, Кеттиңби, жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий. Пейилиң сонун алпейим, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, Сен мага, жүрөгүм, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге, Мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Жылдыз болуп күнүгө, Жарык чачат үйүмө. Сен бар үчүн дүйнөдө, Үйүм толо күлкүгө. Кайырма: Балам, балам, жан балам, Ананайын садагам. Элим аман болсун деп, Атыңды койдум Эламан. Аман, аман, Эламан, Гүл белемсиң, садагам? Жыттап, жыттап тойбоймун, Ананайын жытыңдан. Балдан ширин сөздөрүң, Бүлбүл жанган көздөрүң. Шириним, ай, шириним, Узун болсун өмүрүң. Кайырма: Ата-энеңдин бактына, Эр жетилгин, садага. Талыбастан канатың, Пайдаң тийсин журтуңа. Кайырма:
  • Кол жетпеген көктөгү, Көздөрүңдүн көркөмү. Кыялдарым дайым жарышта, Ай да нурун төккөнү, Ак булутту өпкөнү, Бийик учам сага барышка. Кайырма: Гүлүм, сага көңүлүм сенде гана, Кызганып турат кабагың түйүп мага. Жайна-жайна, ачылып гүлдөй жайна, Сүйүп баратат жүрөгүм сени гана. Өзүң болдуң эргиткен, Таңдан кечке ээрчиткен. Жан дүйнөмө сүйүү тартуулай, Балдай ширин сөздөрүң Эриндериң, көздөрүң Сени көрүп мен да өзгөрдүм. Кайырма:
  • Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат. Кел, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап. Аяз кыз ар убак, Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр, Ар бир үйдө. Кезигели батыраак, Жакшы тилек айтылат, Жаңы жылга тартуулап. Кайырма: Жаңы жыл жаңырган, Жүзүңөргө себелесин нурун. Жаңы жыл, Жаңы жыл, Кайгыдан айрылган. Жакшылыгын Жаратканым берсин, Жаңы жыл, Жаңы жыл, Бөбөктөргө белек тартуулап, Аяз кыз ар убак. Жылдар узап. Өмүрлөрдү берсин Жаңы жыл, Күлкү-шаттык, ыр Ар бир үйдө. Жаңы жыл келди жаркырап, Мөлтүрөп жалтырап, баягы. Аяз ата белек тартуулап, Эсте калтырат, кел, Жаңы жыл. Кайырма: