Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кантип унутам?»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бардыгы кызыксыз,
Маанайым учуп суз.
Асмандан адашкан,
Жалгыз булутпуз.
Бир гүлүм үзүлгөн,
Күлкү жок жүзүмдөн.
Үмүткө байланып
Жолуң карап, күттүм мен.
Кайырма:
Кетпеген бул ызам,
Келбечи ушу таң.
Канткенде мен эми,
Кантип унутам?
Туйбаган өрт үнүң,
Туйлаттың бөлчү күн
Жароокер көзүңдөн
Жазды көрчүмүн.
Сезим жок сыр каткан,
Жүзүм жок нур чачкан.
Шашылып сүйүүмө,
Эрте күн баткан.
Издеген таппаган,
Кулаган аскадан.
Чын сүйүп бактылуу,
Бул дүйнөдө барбы адам?

Другие песни исполнителя:

  • Ансайын жетпей убакыт, Өзгөчө нурун чубалтып. Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр. Алоолоп жалындайт, айланып табылбай. Асмандагы куштайсың, өмүр, Жолуңду каратып, жүз жылды саматып. Жүрөктү кыстайсың, өмүр. Ансайын жетпей убакыт, Өзгөчө нурун чубалтып. Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр. Кээ бирде жыргал сунасың, Кээ бирде чалып жыгасың, Антсе да ыйык тумарсың, өмүр. Ак-кара жанашкан, Алыстап бараткан, Шараккан суудайсың, өмүр Адамга каш керек, ашыкча жаш керек. Түбөлүк турбайсың, өмүр. Ансайын жетпей убакыт, Өзгөчө нурун чубалтып. Өзүңдү сүйүү миң бакыт, өмүр. Кээ бирде жыргал сунасың, Кээ бирде чалып жыгасың, Антсе да ыйык тумарсың, өмүр.
  • Уктабай ар таңда уйкуңду жегизген, Үмүтүңдү актар бекем мен. Агарган чачыңдын ар талына карызмын, Апакем менин парызым. Кайырма: Оой, картайба көп жаша, Аай, жан апа. Оой, байлыгым апакем Аай, баары сен. Оорубай аман жүр, ак жүрөк апакем. Сүйүнтүп чыксаң дейм жүзгө. Жыргалың басканда жыттап, жыттап тайтайлап. Мээримиң чексиз апакем. Кайырма:
  • Мен сүйгөн менен пайда жок, Кантейин, жаным, айлам жок. Көнбөдүң сүйүүң барчудай, Көңүлүм болду калчудай. Кайырма: Балбылдап көздөрүң кара-кара, Айта албайм сүйүүмдү сага гана. Айтайын, башканын кереги жок, Жылмайып жылуулук берчи мага. Сүйдүрдүң мени, сүйүктүүм, Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм. Өзүңсүз өтсөм өмүрдөн, Арманым айтчы, ким үчүн? Кайырма: