Кайгы-муң бул жашоонун,
Кайылмын бир сен үчүн бардыгына.
Жашайын моюн сунуп
Сезимдин махабаттын ыргагында.
Увазир жандооч болуп,
Жашайын бир өзүңдүн хандыгыңда.
Махабат ырын ырдап ,
Өтөйүн сенин гана жарлыгыңда.
Кайырма:
Шириним шириним ай,
Ширеңди тата албай
Шибердей курап барам
Ширенкедей тутана албай.
Ханышам ырымды укчу,
Өзүңө ырдан артык белегим жок.
Арнайын ушул ырды,
Алтындан белек кылчу себебим жок.
Канышам жөн ырдабайм,
Ырдабайм бир өзүңө себеби жок.
Анчалык сумсайбачы,
Сулууга мерездиктин кереги жок.
Кайырма:
Шириним шириним ай,
Ширеңди тата албай
Шибердей курап барам
Ширенкедей тутана албай.
Жомокко кирип жашап,
Ак жоодур көздөрүңдү уурдап карап.
Жамалым карап койчу,
Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап.
Увазир болуп сага,
Уурданып тиктей берем кайра-кайра.
Жамалым карап койчу,
Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
Кайырма:
Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө,
Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө.
Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк
Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө.
Эске албай элеп жамгыр төккөнүн,
Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим.
Алар да жок, бирок эсте калыптыр,
Чуркап өткөн сенин, менин издерим.
Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын,
Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым.
Балалык кез эске түшүп ушунча,
Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын,
Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
Айтчы деги кимде айып?
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип,
Териппиз го гүлдөрүн.
Түнт токойду аралап,
Тыңшап куштун үндөрүн.
Ийип башын булбулдар,
Махабатты чалышты.
Кол булгалап бардыгы,
Узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү,
Бет алдыма кармаймын.
Мүмкүн мени сүйөр деп,
Өзүмдү-өзүм алдаймын.
Антсем дагы канчалык,
Сен башканы сүйөсүң.
Уйку бербей бирок да,
Түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып,
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.
Кайырма:
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.