Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шыбырап»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Чайга салып ичип салар
Ширин немесиң
Мынча сулуу мынча назик
Сүйкүм келбетиң
Көрүп сени эсим кетти
Жүрөк козгодуң
Көрбөгөнүм сендей эч бирди
Кайырма
Көздөрүң го сенин
Назик сүйкүм кебиң
Кулпурат кулпурат
Жаныма бир келип
Сүйөм дечи мени
Шыбырап шыбырап
Күндөн күнгө сага болгон сезим күч алып
Көргүм келип сага карай барам гүл алып
Терезеңде күттүм сени күүгүм батканча
Сенин сүйүүң кайра жашарып

Другие песни исполнителя:

  • Жазып саламым, катты саламын, Сагынычтан жообуң мен аламын. Ушул турмушум, түйшүк жумушум, Амандыкты, досум, айтып турушум. Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт. Кайырма: Ак куу кетет, көл калат, Ак канатын булгалап. Мезгил өтсө сагынып, Айдың көлгө кайрылат. Алыс жүргөн адамдар, Аманаттан салам бар. Ак куулардан сагынган, Саламымды айтып бар. Кабар алып тур, катың жазып тур, Жүрөгүңдөн таза чачып нур. Дос деп билемин, аппак тилегим, Ишеничтен бүткөн досум -тирегим. Ыйманыңда бол, досум курдашым, Тагдыр бизди бөлүп кайда бурбасын. Мени эңсеген момуну да бар, Саламыңды алдым жүрөк кубанар. Кайырма: Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт.
  • Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай, Жалгандарды курамын сени мен аяй. Жалгыздык аралында калсам мейли мен, Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден. Акылдан адашкандай издейм жолумду, Аргасыз сен башкага бердиң колуңду. Ойлорум туңгуюкка камады мени, Алыстап бизден кетти арзуу кемеси. Жараланган куштай, Жалгызмын мен учпай, Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай. Кайырма: Өзүңдү кармабайын мен, Бактыңды байлабайын мен, Өткөнгө кайрылбастан уча бер… Жылмаям, жашыбаймын мен, Жакшынын баары сен элең, Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.
  • Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени ар дайым. Негедир сагынамын, жаным, сени тез эле, Көргүм келип мен өзүңдү. Күндөрүм ай-жылдардай болуп мага сезилет, Уксам дейм сенин сөзүңдү. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Элесиңе мен зар болуп. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өзүңсүз дүйнө тар болуп. Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым. Күтүүгө чыдамым жок көрүнөмүн, секелегим, Таба алсамчы бир айла. Кезигип, келет сага кечке чейин эркелегим, Эркелетип сени кайра. Кусалык жүрөгүмө толуп мени кыйнады, Өрт болуп сенсиз бул аалам. Көңүлгө сенден башка эч бир адам сыйбады, Өксүтпөй келчи, суранам! Сагынамын сени, кыйнабачы мени, Күтө берем, ардагым. Сагынамын сени, сагынтпачы мени, Сүйөм сени, ардагым.
  • Күндө эле, күндө эле, Күндө эле сага барамын, Сүйөөрүмдү көздөрүмдөн байкагын, Махабаттын ачылбаган гүлдөрүн Жалгыз, жаным, сага келет арнагым. Кайырма: Жаным, айдайым, Сенсиң ардагым, Менин айдайым. Ай беле, күн беле, Нур беле, сүйкүм жамалың? Балдай ширин сөздөрүңө арбалдым, Суусатты го жанды назик күлгөнүң, Келчи, жаным, мага сүйүүм арнайын.