Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен учун»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сага деген махабатымды арнадым мен, Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди. Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди, Арбаласың сен, жаным. Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен, Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган. Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди, Күн нурундай сен, жаным. Кучагымда сен, гүлзарым, багым, Жүрөгүмдөсүң ар дайым. Кайырма: Жүзүндө жылдыз бар, Жүрөктө чогу бар. Ал сулуу – Аймончок, Тилинде балы бар. Күлкүсүн уксам дейм, Гүлүмдү сунсам дейм. Асманда ай болуп, Ашыгып күтсөм дейм. Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп, Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп. Сагынамын сени, гүлүм, эстеп, Махабатка тойбоймун. Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге, Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде. Тагдырыма мендик болуп жазса, Бакытым деп ойлоймун. Жүрөгүмдөсүң, махабатым да, Сезимимдесиң жаным, бактым ай.
  • Аралап баратып сансыз гүлдөрдү, Ачылган бир назик кызыл гүл көрдүм. Аңкыган жытына гүлдүн мас болуп, Азгырылдым, үзбөдүм. Карадым, ойлонуп ойдун тереңин, Кыздарды ал назик гүлгө теңедим. Кызыгып, ал кызды алдап сүйгүчө, Кызылынан сүй деймин. Кайырма: Гүлдөп турган гүлдү үзбө, Кыз аралап миңди сүйбө! Кыздын дагы убалы бар, билгин, Кадырына жетпей, ара жолдо жүрбө! Карагын, ойлонуп кызга тийбегин, Кыздарды асманда айга теңегин. Кыдырып, кыз баркын тепсеп жүргөнчө, Кадырына жет деймин!
  • Ээрчитип колдон жетелеп, Ойносоң гүл бакчада. Татынакайсың, эселек, Сезимдериң таптаза. Уялыңкы эркелеп, Талпынганың башкача. Кайырма: Менин карындашым, Сүйкүм ирмейт кашын. Дайым эркелетип, Сылап коём чачын анын. Үмүт чоң келечегиңден, Чоңоюп, бойго жетсең. Тилегиң берсин Кудайым, Керегисиң кыргыздын. Ата-энең көрсүн убайың, Жерде жанган жылдызым.