Казахские песни Узбекские песни

Песня «Билип жүр»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Токточу, жигит,
Айтайын, сенде бар бир сөзүм.
Мен сенден коркпоймун,
Сен антип кабакты түйбөгүн.
Билемин байлык бар,
Кыздарың башка дагы көп.
Бирок, ал кызга тийбегин,
Ал кызга тийбегин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.

Кайырма:

Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Болду келбей жүргүн.
Жигити бар экен деп,
Эми сен билип жүргүн.
Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм,
Дүрү-дүм-дүм.

Билемин, байлыкка,
Сен алып баарын көнгөнсүң.
Оту жок жалынга,
Калп эле кыйналып күйбөгүн.
Сен жигит таң калба,
Ал үчүн даярмын мен баарына,
Анткени ал менин,
Анткени ал менин сүйгөнүм.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Махабат бал кымызын жутканымда, Мемиреп мен атыңды укканымда. Көөдөндө эң алгачкы сезим жанган, Көңүлүм көз карашың тутканында. Кайырма: Мончок, мончок көз жаш, Бул — сүйүүм менин, Кайдасың, азыр кимге периштесиң? Мезгилди ошол жазга кайрып барып, Гүлдөргө бөлөгүм келет менин, Жүзүңдү бир көргүм келет менин, Дагы эле өпкүлөгүм келет менин. Оо, андан өтсө дагы канча жылдар, Сен деген жан дүйнөмдө жалгыз сыр бар. Чеберлер эстебесе ал күндөрдү, Чертилип кете берет жүрөк кылдар. Кайырма:
  • Бул дүйнө бул өмүрүм, сени менен го, Ырысым ырыскым да, сени менен го. Күлкүсү балдарымдын сени менен го, Бактылуу көз ирмемдер сени менен го. Кайырма: Ак сүйүүм менен алганым жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен, Ак үйүмдүн күнү кудай кошкон айым сен Оорубагын ылайым, күлүп жүрчү дайым Сүйгөнүм жубайым сен. Жашаймын күлүп турган көздөрүң менен Жашаймын сүйөм деген сөздөрүң менен Жадабайм миң ырахмат Айтсам да аз го Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген Күндөрү жаштыгымдын сени менен го, Жашоонун жакшылыгы сени менен го. Бактысы балдарымдын сени менен го, Бул дүйнө бул өмүрүм сени менен го.
  • Тоолордон тоолор куланып Сапарым келет уланып. Куштай канат кагып келем Дайра болуп агып келем, Дөөтү, пирден ак жол суранып. Кайырма: Ашыгым ай, ашык ай Кантип келбейм шашып ай. Мени күтүп жатканда Сендей асыл ай. Көзүңдү, кашың, кирпигиң Элестеп келем ар бирин. Илебиңден өбүп коюп, Сүйүү отко күйүп коюп Кыскартып келем узун жол жибин . Кайырма: Ашыгым ай, ашык ай Кантип келбейм шашып ай. Мени күтүп жатканда Сендей асыл ай. Бактардын өтөм катарын Карыбай келет сапарым. Кечикти деп жатсаң керек Сан ойлорго батсаң керек, Уктабай күтүп таңдын атарын. Кайырма: Ашыгым ай, ашык ай Кантип келбейм шашып ай. Мени күтүп жатканда Сендей асыл ай.
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, жаштык, жаштык, ай, Ай, курган мастык, ай. Өткөрдүк сени барктабай, Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.