Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мончок көз жаш»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Махабат бал кымызын жутканымда,
Мемиреп мен атыңды укканымда.
Көөдөндө эң алгачкы сезим жанган,
Көңүлүм көз карашың тутканында.

Кайырма:
Мончок, мончок көз жаш,
Бул сүйүүм менин,
Кайдасың, азыр кимге периштесиң?
Мезгилди ошол жазга кайрып барып,
Гүлдөргө бөлөгүм келет менин,
Жүзүңдү бир көргүм келет менин,
Дагы эле өпкүлөгүм келет менин.

Оо, андан өтсө дагы канча жылдар,
Сен деген жан дүйнөмдө жалгыз сыр бар.
Чеберлер эстебесе ал күндөрдү,
Чертилип кете берет жүрөк кылдар.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жашырып кайда катамын Жагымдуу ойго батамын. Бала элем мен да кечээ эле, ой кечээ эле А бүгүн өзүм атамын. Мезгилди табып каталык Эшигин жапты балалык Бала кез кеткен ордуна, ой ордуна Байланды сезим аталык. Кайырма: Тун кызым күндөй жанса деп Апасына окшоп калса деп Эки уулум эрте бой жетип Өзүмдү жазбай тартса деп. Балкыган бала күлкүгө Бакытым менин үйүмдө Балдарын сүйгөн апасы Бакытым менин сүйүүмдө. Билсе да өзү басканды Көтөрүп алам баламды. Мен сезбей жүргөн экенмин, ой экенмин Түшүндүм эми атамды. Бешикте али жатса да Апа деп билет айтканды Аларды көрүп эстедим, ой эстедим Ак сүтүн берген апамды. Кайырма: Тун кызым күндөй жанса деп Апасына окшоп калса деп Эки уулум эрте бой жетип Өзүмдү жазбай тартса деп. Балкыган бала күлкүгө Бакытым менин үйүмдө Балдарын сүйгөн апасы Бакытым менин сүйүүмдө.
  • Барамын баратамын сага барам Кумарым кучагыңсыз тарабаган. Көзүн бар зар боломун бир көрүшкө А бирок жубайлыка жарабаган. Мен сага канча бардым санабаган Ар кундоп баратканда карабаган Сөзүң бар бир угууга зар боломун А бирок жубайлыка жарабаган. Кайырма: Жубайлыка жарабаган Жүрөгумду жаралаган Жан дүйнөмө тынчтык бербей аралаган Кечир мени, кечир жаным Эки дүйнө өтсө дагын, сага барам Барбайм дейм, кайра айланып сага барам Баргандан эч убакта тажабагам. Сүйүүм бар, билем ансыз жашай албайм А бирок жубайлыка жарабаган.
  • Тагдыр мага татаалданды, Бороондоду, катаалданды. Сагынычым да жан дүйнөмө, Сыйбай койду, бата албады. Кайырма: Калган кезде күүгүм байлап, Боз жоргомду минип жайдак. Сезимдерди сени көздөй, Келем айдап… Келем дедиң, келбей койдуң, Билер дедим, сен сезбей койдуң. Жүрөк отун сурап алып, Кайтып неге бербей койдуң? Кайырма: Келсең эгер нетер элем, Ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, Балким баарын кечер элем. Кайырма: