Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бар бол Кыргызымдын жаштары»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал чакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Кайырма: Булбулум, булбулум ай, Буулуккан кургурум ай. Бул кечте үнүң баспай, Буулуктум неге мынча, Булбулум, булбулум ай? Жаңшайсың жаш булбул токтобогон, Жашоодо жан жок эй боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып, Санааркайм, ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктоп, Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.
  • Өзүңдү таптым, өрт болуп жалыным, Жадырап күлүп сен жүрөккө от салдың. Сагыныч ээлеген саналуу аралык, Жети күн калса экен кылымдай саналып. Жаратканга жетип үнүм, Жалгыз сага, жаным, кезиктим. Жашоодогу бул жети күн, Эң бактылуу мезгил. Кайырма: Таанышуу арзууга айланды, Бир аптада, бир заматта. Алтыным, мен сага байландым, Бир аптада, бир заматта. Баткан күндө, аткан таңда, Жанашып дайыма. Өткөн күндөр өзүң менен, Сүйүүнүн ортосунда.