Казахские песни Узбекские песни

Песня «Каниет ыры»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.
Кайырма:
Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге…
Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча кызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.
Кайырма:
Өнүп чыккан гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын…

Другие песни исполнителя:

  • Айлана жашыл шибер, керемет, Асмандан жамгыр төгөт себелеп. Мен дагы жамгыр коштоп ырдаймын, Жазда сени эмнегедир келет деп, Жамгыр менен төгүлөмүн сени эстеп. Кайырма: Төкчү жамгыр, төк жамгыр, Токтобостон төк жамгыр! Сүйгөнүмдүн жүзүнөн сүйчү жамгыр, Өп жамгыр… Жамгыр төгөт, моюн ылдый куюлат, Жан дүйнөм да жай таба албай буюгат. Тамчылары ак жамгырдын негедир, Таанышымдай жүрөгүмө угулат, Таанышымдай жүрөгүмө угулат. Кайырма: Акыры жамгыр төгүп, басылды, Аттиң ай, ал жамгырдын аздыгы. Алтыным, сага болгон сүйүүмдү, Алып барат ошол сүйүү жамгыры, Алып барат ошол сүйүү жамгыры.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Адырдагы аппак гүлдү көрөм, Аппагына кызыгып аны терем. Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз, Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы аппак гүл сизге берем. Кыр- кырлардан кызыл гүлдү көрөм, Кызылына кызыгып аны терем. Кызыл көйнөк кийинген эй, сулуу кыз, Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Суу боюнан сулуу гүлдү көрөм, Сулуусуна кызыгыл аны терем. Сырлуу көйнөк кийинген эй, сулуу кыз, Колумдагы сурлуу гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.