Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кош суйуу»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Айлуу түн качып келди атып таң, Күттүңбү мени жалгыз жагып шам Эркем, эркем. Кадырың балким билбей жүрөмүн, Өзүңсүң менин жашоо мүрөгүм. Эркем, Эй Сагындым эркем. Сен болбосоң дүйнөдө канттим экен. Кайырма Эркем,кара кыз,карагатым, Өзүңдөй аруу жанды дүйнөнү араладым, табалбадым. Көзүңдө бүт ааламдын сыйкыры бар. Өзүңдө тазасы бар, тазасы бар махабаттын. Көркөмүң сенин мөлмөл жүзүмдөй, Күттүңбү мени шактан үзүлбөй, Эркем, эркем, Билерик,шакек тагынарымсың, Бир күндө менин сагынарымсың. Эркем, эркем эй сагындым эркем. Сен болбосоң дүйнөдө кантмек элем. Кайырма
  • Кызына калып ападан, Иниге калып агадан. Ыр деген ыйык бул өмүр, Калыптыр ата-бабадан. Ырлардын учу сахнада, Ырлардын күчү сахнада. Ыроолойт аруу жакшылык, Ырыскы түбү сахнада. Жүргөнсүйт ырлар кемеси, Ырысбай, Чубак элеси. Жаңырып төрдө тургансыйт, Токтогулдун кербези. Кайырма: Сахна, сахна, сахна, Жан дүйнөбүз сахна, Сүйүүбүз да сахна. Бешенеге бүткөн, Үйүбүз да сахна. Арзуубуз да сахна, Арманыбыз сахна. Ыйык биздин, Ыр сахна. Курбу, дос тыңшап көңүлдүү, Сахнанын сыйкыр күчү ушул. Ырларын окуп тургансыйт, Акындар Аалы, Алыкул. Биригишип эгиз эки ак-куу, Чолпонбек менен Айсулуу. Айтышып төрдө жаткансыйт, Жеңижок, Барпы айтылуу. Серпишип Мыскал, Үпүсү, Соргонсуйт ырдын бүтүшү. Сооротуп кейип тургансыйт, Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.
  • Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка Келин алдым бугун болдум кайната Жубайым ай сен да болдуң кайнене Кел эми жай дасторконуң жайната Баккам сени нанды туурап каймакка Буламыкка балды салып кайната Кечээ эле атаң болчум жөн эле Мына эми сен кылдың мени кайната Бугун болдум кайната Кайырма: Бүтүп жылдар айлар да Бир парзымдан кутулдум Эми эс алам жайлата Эми мен да кайната Жар салгыла аймакка Кымыз ичем кыр кырда Кырк жылкыны байлата Канча сени чоң жигитсиң дебейин Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин Алган жарың болсун экен ак жолтой Бактылуу бол мен садагаң кетейин Бугун болдум кайната Кайырма: