Казахские песни Узбекские песни

Песня «Музыка»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бул өмүрдүн жаңыргандай жазгыры
Жарашкандай мезгилдериң аздыгы
Ай жылдыздар жаным жарыгы
Бул музыка бар жашоо аздыгы
Жакшы манай жакындарга сунарым
Буну жакшы жазып тургандай кумарым
А сен мени айдай угарым

Бул музыка бар менин тумарым
Дайым жаңырып турса дагы
Ал жанымда мени сени
Тумарын болуп турар ал музыка

Музыка менен сүйүү дайым
Унуталы кайгы барын
Музыка менен сүйүү
Жаңырсын бизде дайым
Ардайым

Өтсө дагы өмүрүмдүн жылдары
Өчпөй калат анан бир ырлары
Ак сүйүүбүздү ачкан сырлары
Чертилгендей жүрөктүн кылдары
Өзгөчө бир өмүрүмдүн ыргагы
Сезип келем сезимдеримдин жыргалын
Ар дайым тымбай угарым
Бул музыка жан дүйнөм тумарым

Другие песни исполнителя:

  • Ак булуттай аппак сезимди көрдум, Аруулантып сүйгөн өзүмдү көрдүм. Аалам кезип жаным сени издеп тапканда, Мөлтүрөгөн ай мөлтүрөгөн ай, Мөлтүрөгөн көзундү көрдүм Мөлтүрөгөн ай мөлтүрөгөн ай, Мөлтүрөгөн көзундү көрдүм Кайырма: Булбул куш сайраган шакта күүгүмдө гүлзарлуу бакта Өзүңдү көргүм келгенде жайнаган карегиң катпа Тизгинсиз кыялдар күлүп жургондү жүрөгүм күтүп Жылдызга тең болуп периштем сен болуп эшик ачтың Өмүрдун арнадым баарын болойун ак-шоола таның Кубаныч күндөрдү коштоп салатанат озундун баарын Арзыды калалуу батап ак сүйуу аманат жаным Багындым сезимге бакытым өзунө кучак жайдым Бакытка жаным сен менен кадамдайын Бакыт шарын билем дедиң эргип көңүлүң, Өмүр бою сүйөм дедин толкуп көңүлүң. Махабаттын түндүгүнөн куйулган нурдай. Ак периштемсиң, ак периштемсиң, Ак периштем болуп көрүндүң. Ак периштемсиң, ак периштемсиң, Ак периштем болуп көрүндүң. Кайырма Мөлтүрөгөн ай мөлтүрөгөн ай, Мөлтүрөгөн көзундү көрдүм Мөлтүрөгөн ай мөлтүрөгөн ай, Мөлтүрөгөн көзундү көрдүм
  • Жашап сезимимде Жайнап карегимде Эргүү болуп дайыма Көңүлүмдө жүрөсүң Эркелейин сага улам Деңиздей мен толкуп турам Жүрөгүмдөн сага ишенем Сен менен бакытты курам Кайрыма: Өмүрдөн белек мага Жолуктум жаным сага Арзыган ар бир таңга Ак сүйүү азык жанга Кайырма Жаным , жаным менин Жашыл жазым сенсиң Бакыт болуп чексиз мага Ойлорумда жүрөсүң Сагынам неге неге, неге Жанында сени турсам деле Көңүлүмдү байлап алган ай Көздөрүңдө нур бар беле