Казахские песни Узбекские песни

Песня «Издеймин»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашык болдум кара көзгө мен
Сулуулугу айга күнгө тең
Сурай албай турдум жанында
Аты жөнүң ким болду экен

Жылмайганы жүрөктү эзди
Күтөр болдум сен келчү кезди
Кайсыл жерде болду дарегиң
Сезим арнар мына кез келди

Кайырма:

Ала- Букадансыңбы Аксыдансыңбы
Базар- Коргон тараптан Сузактансыңбы
Же ордолуу Оштонбу Алайдансыңбы
Айтчы мага дарегин айтчы
Жалал-Абадтан бекесиң Токтогулданбы
Же Нарындык Жумгалдык Кочкорунанбы
Ай тору сени таппасам жүрөгүм канат
Айтчы мага дарегин айтчы

Жылт деп жаңган жылдыздай болуп
Көөдөнүмө сезимдер толуп
Издеп кайдан табам өзүңдү
Же каламбы ак сүйүүм соолуп

Көзгө сүйкүм элес тартылып
Койбо мени азап тарттырып
Үмүтүң чоң сени көрүүгө
Кайың болдум сезим калтырап

Кайырма:

Талас тараптансыңбы Чаткалдансыңбы
Же Ат- Башы Казарман Кызарттансыңбы
Ысык Көлбү Жети -Өгүз Балыкчыданбы
Айтчы мага кабарын айтчы
Кызыл -Кыя Баткенден Кадамжайданбы
Чүй Сокулук Канттанбы
Же Кара -Сууданбы
Ай тору сени таппасам жүрөк муун канат
Айтчы мага дарегин айтчы

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Ийинимде артылган, куржун толо ырым бар, Жүрөгүмдө басылган, сандык толо сырым бар. Чырмалышкан дүйнөмө, чечилбеген түйүн бар, Теңеле албай башкага, тебеленген сүйүүм бар. Кайырма: А мен пенде шашпаган, Жараланган, аксаган. Жараткандан бак тилеп, Жаман жолго баспаган. А мен пенде жашыкмын, Дале болсо ашыкмын, Аруу сүйгөн жан элем, Кай жеримден жазыктым. Арман менен кайгымды, айтып берет кайрыгым, Андан башка мүмкүн жок, ошол менин байлыгым. Ыдыраткан жашоомду, ырас ошол түйүн бар, Ырым муңдуу болсо да, ызаланган сүйүүм бар.
  • Маңдайыма сени жазган, Ушул тагдыр буюрган. Күлсөң күлкүң алтын-күмүш, Ак жүзүңдөн куюлган. Каректериң сыйкыр беле? Кетпейт оюмдан. Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан, Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан. Кайырма: Жалгызымсың менин ар дайым, Жарым болуп мага кал дайым. Жан дүйнөмдө жанып жашайсың, Жыргалымсың ар дайым. Жалгызсырап сенден калбайын, Жамалыңдан сүйүп танбаймын. Жылдызымсың күйүп асманда, Жазда сүйүүм бар дайым. Түбөлүккө сен деп жашайм, Турмуш жолун улантам. Көңүлүңдү көтөрөмүн, Күлсөң, күлүп кубантам. Жаратканым, айырбагын, Сенден суранам! Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам, Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.
  • Кыйналсам ойлогон, жыгылсам колдогон, Жүрөгү мага тамырлаш… Чарчасам дем берген, билгенин тең бөлгөн, Сендей дос такыр табылбас! Кайырма: Эң жакын досум, эң асыл досум, Кеңеш айтып, кубат берген жанга. Эң жакын досум, эң асыл досум, Колум узун жанымда сен барда. Достуктан чеп куруп, намыска бек туруп, Чогулуп далай кырды аштың… Бүткөнчө өмүрлөр, калбасын көңүлдөр, Мен үчүн дайым кымбатсың