Бул насыйкат, бул насыйкат,
Бул насыйкат мага калган.
Бул насыйкат сага калган,
Калган керээз бабалардан.
Өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан, ээ-эй.
Ай кашканы азанатып,
Ат жалына казан асып.
Келген элдин тилеги бул,
Улуу тарыхтын,
Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй.
О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы,
Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»?
Комуз кылын дирилдетип,
Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй.
Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен,
Аппак марал, кайра табылдыңбы сен?
Аппак марал туяк кагат,
Журт которгон сыяктанат.
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен?
Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен,
Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен?
Мөлтүлдөп аккан булак кайда,
Моюндаш өскөн улак кайда?
Кадырлуу журтту сагындыңбы сен?
Эй, аппак марал, эй!
Аппак марал,
Артыңдан сая түшүп жебе келет,
Көзүңдө жер айланат, тегеренет.
Жебе келет, жөнө демек!
Турбачы, ак марал, түңүлүп сен,
Турбачы, ак марал, түңүлүп турба.
Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен.
Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи,
Батат, батабы, батып барат өмүр кечи?
Жебе келет, жөнө демек,
Турбачы, ак марал,
Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен.
Ээ-эй!
Жанып өтөбү, жебе жетеби,
Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап.
Марал кубулуп,
Кайып болуп кет эми.
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат.
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат.
Жанып өтөбү, жебе жетеби,
Билик бүлбүлдөп,
Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап.
Жетсең жебе, жет эми!
Аппак марал, марал туяк кагат,
Жебе жетпейт, жетет сыяктанат.
Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат.
Бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан:
Канат байлап өмүргө,
Каршы турган өлүмгө.
Карылардан санжыра,
Аппак марал жөнүндө.
Карыбайт элдик ырлар,
Талыбайт элдик үмүт.
Жакшылыктан асты түңүлбөдүң,
Аппак марал неге күлүңдөдүң?.