Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин ардагым»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак сүйүү жүрөк дегдеткен,
Жашоого жарык дем берген.
Ай нурун чачкан аппак түн,
Айланып кайра келбеген.
Кайырма:
Жанымда махабат асыл ардагым,
Өзүмдү сага арнадым.
Сен менен ак таңдар тосом өмүрдө,
Болбостур жүрөк арманым,
Менин ардагым.
Сагыныч күндү санатар,
Санаалар жолду карытар.
Өчпөстөн ушул махабат,
Өмүрдө бакыт жаратаар.
Кайырма:
Алоолоп сүйүү жанары,
Жылдыздай көктө жаналы.
Жаркырап турган күндөргө,
Жүр, жаным, бирге баралы.

Другие песни исполнителя:

  • Сап-сап бир учкан таранчы, Санын бузбай саначы. Сан жигиттин ичинен, Сүйгөнүм барбы карачы? Топ-топ бир учкан таранчы, Тобун бир бузбай саначы! Топ жигиттин ичинен, Сүйгөнүм барбы карачы? Сап-сап бир учкан таранчы, Санын бир бузса болбойбу? Сан жигиттин ичинен, Сүйгөнүм чыгып койбойбу. Топ-топ бир учкан таранчы, Тобун бузса болбойбу? Топ жигиттин ичинен, Сүйгөнүм чыгып койбойбу, Сүйгөнүм чыкса болбойбу?
  • Көктөм сайын сени эстеп,Куса болом, жүрөк дегдеп.Жазгы жамгыр менен кеткен,Көз алдымдан элес кетпейт.Кайырма:Коштошордо коомай кармап колдорумдан,Сен кургур ыйлай бердиң.Ошол жазга жетмек кайда, Кучагыма келчи кайра.Жолдорубуз эки болуп,Жолугушпай калдык эми.Жомок болуп кала берди,Өткөн сүйүү өчпөй деми.Кайырма:Жан дүйнөмө көктөм келди,Турам дагы эңсеп сени.Сагынычымды сага деген,Жеткирсе экен жаздын жели.Кайырма:
  • Жашоодо жашабайт ал, Жомоктон жасаганмын. Кийгизип ырдан таажы, «Падышам» атаганмын. Жашачу менде гана, Мекени жүрөк болчу. Сүрөтүн тартсам эгер, Бүт аял сүйөт болчу. Кайырма: Ал мени алдабачу, Күттүрүп ыйлатчу эмес. Көзүнөн окучу элем, Көөнүнө сыр катчу эмес. Таптаза сезимдери, От болчу эриндери. Алоолоп күйүп турчу, Билеги белимдеги. О, укмуш, ушунчалык, Мас болдум сөздөрүнө. Жанына бардым дагы, Карадым көздөрүнө. Ыпысык алаканы, Жүзүмдөн сылап өттү. Мончок жаш карегимден, «Тып» этип кулап өттү…