Казахские песни Узбекские песни

Песня «Падышам»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоодо жашабайт ал,
Жомоктон жасаганмын.
Кийгизип ырдан таажы,
«Падышам» атаганмын.
Жашачу менде гана,
Мекени жүрөк болчу.
Сүрөтүн тартсам эгер,
Бүт аял сүйөт болчу.
Кайырма:
Ал мени алдабачу,
Күттүрүп ыйлатчу эмес.
Көзүнөн окучу элем,
Көөнүнө сыр катчу эмес.
Таптаза сезимдери,
От болчу эриндери.
Алоолоп күйүп турчу,
Билеги белимдеги.
О, укмуш, ушунчалык,
Мас болдум сөздөрүнө.
Жанына бардым дагы,
Карадым көздөрүнө.
Ыпысык алаканы,
Жүзүмдөн сылап өттү.
Мончок жаш карегимден,
«Тып» этип кулап өттү…

Другие песни исполнителя:

  • Жаш элем эч нерсени ойлобогон Күн эрте эч санааны ойлобогон Уядан кетсем дагы канат кагып Өзүңдөй камкор ата болбойт мага Атаке чертип сезим толкундарын, Жүрөктү кубанычка толтурасың. Алдыга максат коюп колум сунсам, Артымда аскар тоодой сен турасың. Бул күндө мен өзүңдүн сыймыгыңмын, Мен сүйгөн бир адамдын ынагымын. Кубан сен, кубана бер атакебай Мен сенин өмүрүңдүн жарыгымын.
  • Күттүрбөй күн да кеч кирип, Күткөнүм келбей кечигип. Байкатпай келер бекен деп, Бакчада турдум бекинип. Бакчада турдум бекинип, Анда мен бакчада турдум бекинип. Асманда жылдыз чачылып, Адырдын жели басылып. Аярлай басып мен барсам, Алдымдан чыктың ашыгып. Алдымдан чыктың ашыгып, Анда сен алдымдан чыктың ашыгып. Арадан канча күн өттү, Ачыштыр ыйлай жүрөктү. Өтсө да учкул убакыт, Унутпайм ошол мүнөттү. Унутпайм ошол мүнөттү, Кантип унутам ошол мүнөттү?
  • Көктөм сайын сени эстеп,Куса болом, жүрөк дегдеп.Жазгы жамгыр менен кеткен,Көз алдымдан элес кетпейт.Кайырма:Коштошордо коомай кармап колдорумдан,Сен кургур ыйлай бердиң.Ошол жазга жетмек кайда, Кучагыма келчи кайра.Жолдорубуз эки болуп,Жолугушпай калдык эми.Жомок болуп кала берди,Өткөн сүйүү өчпөй деми.Кайырма:Жан дүйнөмө көктөм келди,Турам дагы эңсеп сени.Сагынычымды сага деген,Жеткирсе экен жаздын жели.Кайырма:
  • Ак сүйүү жүрөк дегдеткен, Жашоого жарык дем берген. Ай нурун чачкан аппак түн, Айланып кайра келбеген. Кайырма: Жанымда махабат асыл ардагым, Өзүмдү сага арнадым. Сен менен ак таңдар тосом өмүрдө, Болбостур жүрөк арманым, Менин ардагым. Сагыныч күндү санатар, Санаалар жолду карытар. Өчпөстөн ушул махабат, Өмүрдө бакыт жаратаар. Кайырма: Алоолоп сүйүү жанары, Жылдыздай көктө жаналы. Жаркырап турган күндөргө, Жүр, жаным, бирге баралы.