Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ош»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ош кандай сонун Ош,
Ош баардыгынан кооз.
Суктанам керемет көркөмүңө,
Кубанам мен сени көргөнүмө.
Аярлап чачымдан сылап шамаал,
Айлымдай мен сага көнгөнүмө.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Ош ак-жолтоюм Ош,
Ош ак жүрөгүм Ош.
Ар күнү атылган аппак таңым,
Аманда табылбас таалай багым.
Байырлап өзүңө келгенимде,
Бактысын ачкансың далайлардын.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Ош эң байыркы Ош,
Ош эл байлыгы Ош.
Өзүңсүң меймандос пейли кенен,
Жок дебей баардыгына мейли деген.
Өмүрүм өткөнчө сыймыктанам,
Өркүндөп өсөбүз сени менен.

Кайырма:

Болсоңуз бош келип кет дос,
Эң ыйык сулуу шаар Ош.
Келңиз кош, келип кет дос.
Эң ыйык сулуу шаар Ош.

Другие песни исполнителя:

  • Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы, Жүрөгүмдү туюкка камабачы. Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем, Октой өткүр көзүң менен карабачы. Карегиңден жолуңду издебечи, Каалаганың катылуу ичте кезиң. Сени сүйгөн бактыма ыраазымын, Секетим ий, секетим ий, тиктебечи. Күн артынан күн жылып өткөн сайын, Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын. Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам, Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
  • Ичимде күйгөн жалын бар, Издесем түгөй табылар. А бирок көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Тагдырга ар ким кезигет, Таасири күчтүү сезилет. Кечикпей ушул турмушта, Жолуксам деймин тезирээк. Турмуштун ар кыл даамы бар, Тузу бар, ширин балы бар. Айланып көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар. Алманын гүлдүү шагы бар, Ай тийген түндүн таңы бар. Акыры көлгө конбосоң, Ак куулар сени сагынар.