Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досторума»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Түркүн ыр шаңдуу жаңырып, Дүркүрөп колдор чабылып. Ырыстуу күндү жар салып, Ыр дүйнөм барат агылып. Кайырма: Кубулжуй бергин, ырларым, Кубантып жүрөк сырларын. Жашоонун ыры — бул ырлар, Жар салган жаштык жыргалын. Кайрадан ырлар уланып, Кадалат көздөр суранып. Көл бойлоп бара жаткансып, Көңүлдөр эргийт кубанып. Кайырма: Өскөн жер ырдан жашарып, Өмүрлөр барат тазарып. Мекеним тынчтык ырлары, Гүл жайнайт күндө жасанып. Кайырма:
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Сагындыңбы?.. Мен да сагындым… Кусалуу бир күнгө кабылдым. Буйругу жок ушул тагдырга, Таарындыңбы?.. Мен да таарындым… Кайырма: Жолугушуу болду арманым, Жолукпайбыз эми ардагым. Жолду карап эми издебе, Жалгыз аяк жолдо калгамын. Кыйналдыңбы?.. Мен да кыйналдым… Мүдүрүлдүм бирок сынбадым. Жүрөгүңдү эзип жалгыздык, Унуттуңбу?.. Унуталбадым… Кайырма: Ыйладыңбы?.. Мен да ыйладым… Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым. Жанга баткан жалгыздык ырын, Ырдадыңбы?.. Мен да ырдадым…
  • Күздө күтүп жазда келген сезимди, Күйүт бизге үмүт болуп сезилди. Бул турмушта ансыз деле өксүгөн, Жалоорутпа жайнап турган көзүңдү. Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн, Күз да келди, гүл саргайды биз көргөн. Сен сырыңды, мен чынымды айткыча, Өмүр өтүп баратпайбы бир келген. А мен сени күтөр элем миң жылга, Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла. Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө, Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.
  • Алтындан, ай, айылымдын аймагы Кырман толду, кызыл буудай жайнады. Кандай сонун, берекенин гүлүндөй, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Мекенимде токчулуктун майрамы! Жапырт туруп, билек түрүп жаш-кары, Кырман толду, эмгек темпи кайнады. Ушул бейпил, ушул тынчтык, нур заман, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Өлкөбүздө токчулуктун майрамы! Шаңдуу чыгып ырахаттын сайраны, Кырман толду, ак буудайы, ак наны. Эмгек сүйгөн көп улуттуу элимде, жеримде, Мекенимде токчулуктун майрамы! Нур заман, нур заман, Ала-Тоодо токчулуктун майрамы!br>