Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бул кундор»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.
Кемийт дейт хандын тузу, кези келсе,
Кедейлик уят эмес, эгер билсең.
Байлыгың — колдун кири, жууса кетет,
Балага мээрим болсун, урмат менен.
Бапырап тынч жашасаң, ошол бакыт,
Баарынан бейпил болсун Ата Мекен.
Байлыкка кимдер гана умтулбаган,
Байлыгы аз адамдар тынч уктаган.
Байлыктын азабы көп, түбү түпсүз,
Байлыгың адамды жөн куткарбаган.
Басынып кереги жок байлык үчүн,
Балдарың болсун сени урматтаган.
Бардыгы өтөт, кетет изи калбай,
Баарынан бала кымбат көч улаган.
Күндүн да түнү болот капкараңгы,
Күүгүмдүн таңы болот, жарык жаңы.
Кундуздай кара чачың кечээ болсо,
Кубулуп эртең башка, бубак басты.
Жетишпес оокат бүгүн, эртең башка,
Жетилет уулуң дагы, кызың дагы.
Жемиши болот жаздын, күздү күтсөң,
Жер эне бейпил болсо, болот баары.
Армансыз бул жашоодо адам болбос,
Аягың бир төгүлсө, кайра толбос.
Аярлап күтсөң токтойт байлык дагы,
Адашып бир жоготсоң кайра конбос.
Адамды сынайт экен бакыт дагы,
Асырап ары, келген кир жолотпос.
Аялуу буюмуңдай аруу күтсөң,
А балаң түбөлүктүү болот жолдош.
Азамат эмгектенип уйку билбейт,
Арсыздар бекер жүрүп күн кечирет.
Ак эмгек жерде калбайт, элиң баалайт,
Адалдык атак берет, даңкты берет.
Адамды адам кылган — асыл эмгек,
Байлыкты, бакытты да ал алып келет.
Алтын баш аман болсо, акыры бир күн,
Алтындан аяк алып суу ичет.
Кейибей бул жашоодо башың көтөр,
Кедейлик, бул күндөр да өтөр, кетер.

Другие песни исполнителя:

  • Көзүмдү албай коломтонун отунан, Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп олтурам. Тагдыр турат коломтого байлануу Таштап кетсем не болот деп чочуган. Арзуу бизге азап болду кайдагы? Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары. Агай, мени өзүң элең азгырган, Астыртадан көздү кысып, жазгырган. Калбай ээрчип, күндө белек калтырып, Карындаш деп эркелетип, наз кылган. Ал ансайын жүргөн элем тартынып, Моюнума колуң турса артылып. Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз, Биздин дайым бирге дүйнө санаабыз. Арзуу деген азап экен туйланган, Жакын туруп алыс минтип арабыз. Көңүлүбүз, Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга, Бей убакта, Бей убакта биз келебиз гүлзарга. Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз, Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз? Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр, Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз. Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр, Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр. Жашырынган сүйүү — ушул сүйүүбү? Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү. Алысташып жашайлычы, агайым, Азап толду сени кыя албай, үйүңдү. Мен тагдырдан өз теңимди табайын, Сизди болсо, жан туйгум деп санайын.
  • Сел болуп агылбайсыңбы? Сезимге багынбайсыңбы? Сенектик ээлеп алганбы Сен мени сагынбайсыңбы? От болуп жалындайсыңбы Оргуштап агылбайсыңбы Опкоолжуп жүрөк туйлатып Ойлонуп сагынбайсыңбы Карекке кабылбайсыңбы Кайра эми табылбайсыңбы Катарлаш баскан жаштыктын Кайрыгын сагынбайсыңбы Күнүмдү экчегенсиңби Күүгүмдү беттегенсиңби Күргүштөп өткөн жаштыктын Күрдөөлүн эстебейсиңби Турмуштан өксөгөнсүңбү Тумчугуп бөксөрөсүңбү Түйшүксүз сүйүү күндөрүн Түшүңдө көп көрөсүңбү Тагдырды жектегенсиңби Таалайды чектегенсиңби Ташкындап турган жаштыкты Тамшанып эстебейсиңби Үшкүрүп ээх дебейсиңби Үйрүлүп кетпе дейсиңби Үлбүрөк ошол кездерге Үндөсөм кеч дебейсиңби?
  • Жоругум азыр чоочун мага бөтөн Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн. Сен иштеп отурганда, шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм. Сезимди сага арнаган кирдим чийип Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп. Бурулуп, эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизден кийин. Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп. Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп. Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген. Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн. Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.
  • Эрте жазда ээрчип сени баргым бар Бекем кармап этегиңе тамгым бар. Эсте калган эски жомок күндөргө Эркелешип кайрадан бир жангым бар. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Гүлү болдуң, аттиң башка бакчанын Сен бөлөксүң, мен да жаным башкамын. Өмүрүңө кайрадан бир кайрылып Өзүң менен атса гана ак таңым. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Билегиме оролсоң ай кайра бир Бийлесекчи баштагыдай жайдары. Куштар ырдап биздин гана бакчага Бизге гана күлүп турса Ай дагы. Кайырма: Аттиң, мезгил азабыма айланган Аттиң, багың башка жанга байланган. Алып кайра агын суудай алдындан Арзып сүйөт, кайра өзүңдү арман жан. Жашоо бизге эми кымбат сезилип Жашагынын кымбат эркелешип эзилип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жалыныңа күйгүм келет чок болуп Жарыгыма кайрадан бир кезигип. Жашоо бизге эми кымбат сезилип
  • Сурма бар сулуу көзүңдө Суктанам айткан сөзүңө. Сыздаса сен деп жүрөгүм Сырдашкым келет өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жалындуу жаштык кезимде Жанашкым келет өзүңө. Жарашып турат мүнөзүң Жалжылдап жанган көзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Жүрсө бир болду элчиге Жүрөгүм сенин менчиңде. Чыдабай жаштык өртүнө Чын ашык болдум өзүңө. Кайырма: Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге. Кыялым койбойт эркиме Кызыгам сиздей селкиге. Акылым койбойт эркиме Ашыкмын сиздей селкиге. Көңүлүм койбойт эркиме Кол сунам сиздей селкиге.