Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айзат кыз»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыраңдагы гүл сымал,
Кылактайсың, Айзат кыз.
Тоодон аккан мөпмөлтүр,
Булактайсың, Айзат кыз.
Каректериң карагат,
Балбылдайсың, Айзат кыз.
Кызыл калтар кундуздай,
Жалжылдайсың, Айзат кыз.
Кайырма:
Айзат кыз, Айзат кыз,
Жалжылдайсың, Айзат кыз.
Каректериң мөлтүрөп,
Балбылдайсың, Айзат кыз.
Ысык-Көлгө ак куулар, качан конот, Айзат кыз?
Экөөбүздө жолугуу качан болот, Айзат кыз?
Эми качан окууңду аяктайсың, Айзат кыз?
Качан сүйүү дептерин барактайсың, Айзат кыз?
Айдай сулуу, Айзат кыз,
Күндөй сулуу, Айзат кыз.
Асылымсың, Айзат кыз,
Ашыгымсың, Айзат кыз.
Ат арытып алыстан сага келем, Айзат кыз,
Ак сүйүүнүн гүлдөрүн терип берем, Айзат кыз.
Махабаттын дастанын угасыңбы, Айзат кыз?
Ак кебездей колуңду сунасыңбы, Айзат кыз?
Айзат кыз, Айзат кыз.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Коңур күздө түшөт сары жалбырак, Келчү жолуң күтөм карап жалдырап. Сүйүүңөргө суктандым мен дегенсип, Көк асмандан тамчы, тамчы жаш кулап. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел. Сени күтүү — зор бакыттын дал өзү, Сени күтүү — ак сүйүүнүн өзөгү. Ал ансайын сендик сезим артылып, Сага болгон махабатым күчөдү. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел. Батыраак кел күзгү жаанга карабай, Басалы бул эски бакты аралай. Сапырылган жалбырактар шуудурап, Кыялымды алып учат сабалай. Жолугууга ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел, Жоодур карап бул жашоону сүйүп кел. Кабагыңдан капалыгың сездирбей, Жарык маанай, жаркылдап сен күлүп кел. Бүгүн мага ак көйнөгүң кийип кел, Мага жаккан ак көйнөгүң кийип кел.
  • Жоругум азыр чоочун мага бөтөн Жолуккан күндөрдү эстеп, сага өткөн. Сен иштеп отурганда, шек алдырбай Сеңселген чачтарыңды карап өтөм. Сезимди сага арнаган кирдим чийип Сездирбей басып кеткен, ичтен күйүп. Бурулуп, эки айрылыш жолго салган Бул турмуш аска болчу бизден кийин. Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп Көрүнгүң келет мага, бөтөн болуп. Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай Эстей жүр өткөн жазды эсен болуп. Бир басып далай кечти күүгүмдөнгөн Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген. Ал кездин урматы үчүн балбылдаган Аман бол, асыл кечим күлмүңдөгөн. Эсен бол, эркетайым күлмүңдөгөн.
  • Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң, Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң. Күн нурун кирпигиңе тагынып алып, Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң. Кайырма: Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө, Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндөй. Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей, Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде. Көздөрүң көздөрүмө учураганда, Бактылуу жоктой башка ушул ааламда. Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан, Кыш дагы алы келбей кычыраганга. Кайырма: Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде, Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне. Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден, Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!
  • Коркубуз конулго ынаган Кылычтай келишкен кындагы Балдарбыз достука шерт берген Токсон биринчи жылдагы Кулупунуп кызгалдак гулундой Шамалга ыргалган кырдагы Кыздар да башкача жан эле Токсон биринчи жылдары Анда биз жаш элек наз элек Ыр болуп жашоонун жыргалы Термелген жаш омур биздики Он сегиз жаш деген ырдагы От койгон студент омурго Токсон биринчи жылдары Жаштарбыз жагымдуу жалындуу Жыйырманчы жаз деген ырдагы
  • Жамгыр майда-майда болуп, себелеп жатты Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп Кыялыма түркүн-түркүн ой келди таттуу. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан, уурдана карайм Көзүм менен саамайыңды суктана карайм. Таанышалы ысымың ким, карындашым деп Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз. Жүрөгүңдү ээлеген бекзаадаң барбы? Жүдөп кеттим, сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз Ким болот атыңыз? Тартынчактык кылып жатам Сөзгө тартыңыз.