Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алгачкы суйуу»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Алтыным, жүрөгүм, жаным, турагой о, кагылайын, Турагой күн тийип жарык, керемет аба ырайы. Аракеттин берекети үзүрүн берет ар дайым, Үзүлбөгөн ынтымакта жаркырасынчы маңдайың. Кейибейли, кайгырбайлы, бул деген жөн гана байлык, Бир күн келет, бир күн кетет, аны көңүлгө албайлы. Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө, Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр! Кайырма: Тур, турагой кыргызым турагой! Чын дилиңден аракетиң кылагой! (Тур!) Ар бир күнүң майрам, сен ошону билип жүр,тур! Көк жарык аппак, чөйрө дарак-бак, Жашоо ырахат, турагой калайык калк. Кадырлуум, кайгы-муң, жолобосун эч кимге, Таң аткандан кеч кирген убакты жөн кетирбе. Тегеренип, жер айланып, ашпай туруп чек араны, Ар бир ниетиң, максатың орундалсын кыялдагы. Кел, турагой андан көрө, жумушуңду көздөй жөнө, Өз сүйгөн ишиңди кылып, көңүлүңдү бийик көтөр. Кайырма:
  • Мен кыргызмын, мен, мен, алга, кыргыз калкым, Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым. Кыргыз улут кыраан-кыраан жигиттерге бай келген, Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем. Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган, Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын. Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам, Миң талашып, миң кырылгын, Манас кыргыздан чыккан. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Кыргыз элим илгертен баатырларга бай келген, Кыраан-кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген. Кыргыз элим намыскөй, намысына бек турган, Кылым карып, жылдар өтүп, алдын көздөй умтулган. Баатырыбыз Манас чыккан, баатыр болгон баласы, Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры. Ар кай жеринен, жеримдин ар ким жети жагынан, Чыккан Байтик баатырыбыз, Курманбегибиз, Шабдан. Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды, Кыраан, күчтүү болгон экен Балбай деген баатыры. Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда, Баатыр энелерим болгон Курманжан даткабыздай. Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал, Айта берсек, эч түгөнгүс, азыр деле көп алар. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Жагабы, жакпайбы, сага улутум болсо кыргыз, Мен кыргызмын, жакшы көргөн бешбармак менен кымыз. Күндөп-түндөп «Манас» айткан, укмуш черткен комузду, Күлүк атты мендей чапкын, көрдүңбү жер кооздугун. Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген, Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген. Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан, Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам. Кыраан-кыраан жигиттерим, менин эр жүрөк келген, Мен кыргызмын намыскөй, намысыма бек келген. Болом өтө конок пейил, мейман тоском илгертен, Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең. Кыргызымдан өнөр чыккан, миң тарапка тараган, Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу, акындардан. Токтогулдай төкмө чыккан, суудай төккөн ордунан, Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан, дүйнө тааныган. Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей, Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй! Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан, Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам. Сүйүп-күйүп эл жерине кылып кеткен кызматын. Бекем эске тутуп алгын, ал Исхак Раззаковду. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.
  • Нечен-нечен миңдеген Кереметтүү бийлеген, Кара жорго калайыкта Бийиң барбы билбеген? Кенен-кенен кыймылда, Келерки той күн кайда? Келер-кечке ким бийлесе, Ден соолукка миң пайда. Кайырма: Кенен-кенен бийлеңиз, Жеңилдесин денеңиз. Бул ыр менен эсте калсын сиздин бийлегениңиз! Кара жорго, калайык, Бийин бийлеп алалык. Кел бийлеңиз, эринбеңиз, Жүрөк алсын кубанып. Кадам кана ким таштайт, Кереметтүү бий баштайт? Карап турсаң эч кимиси, Бир-биринен калышпайт. Кайырма: Сынып-сынып бийлеген, Сырын эч ким билбеген, Кылым катып жүргөн бийсиз Өтпөй калды той деген. Денең-денең силкилдейт, Кереметти ким билбейт? Дениң-дениң сак болушка Кара-жорго бийле дейт.
  • Теңдеши жок бүткүл ааламда Дем берет, эркелеп ал мага Каражаным кара көз алтын Не капаландын! Жароокерим күнөөгө салба Тамашаны жүрөккө алба Жакшы көрөм көлөкөм Мен сени сүйөм! Кайырма: Жүрөгүңдүн түпкүрүнө мени сактап кой, Күнү түнү басат мени ой, ой, ой! Көңүлүңдү буруп мага мени карап кой, Күнү түнү басат мени ой, ой, ой! Тандар атат а күндөр батат Көңүлүн көтөрүлбөй жатат Жүрөкө не керек кек сактап Ак сүйүүнү баркта! Айды алып берем деп айтпайм Ообу сөз берип калп айтпайм А бирок ишеничти актайм Бирге болсок ардайым!