Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара жорго»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Нечен-нечен миңдеген
Кереметтүү бийлеген,
Кара жорго калайыкта
Бийиң барбы билбеген?
Кенен-кенен кыймылда,
Келерки той күн кайда?
Келер-кечке ким бийлесе,
Ден соолукка миң пайда.
Кайырма:
Кенен-кенен бийлеңиз,
Жеңилдесин денеңиз.
Бул ыр менен эсте калсын сиздин бийлегениңиз!
Кара жорго, калайык,
Бийин бийлеп алалык.
Кел бийлеңиз, эринбеңиз,
Жүрөк алсын кубанып.
Кадам кана ким таштайт,
Кереметтүү бий баштайт?
Карап турсаң эч кимиси,
Бир-биринен калышпайт.
Кайырма:
Сынып-сынып бийлеген,
Сырын эч ким билбеген,
Кылым катып жүргөн бийсиз
Өтпөй калды той деген.
Денең-денең силкилдейт,
Кереметти ким билбейт?
Дениң-дениң сак болушка
Кара-жорго бийле дейт.

Другие песни исполнителя:

  • Бар экен, жок экен болгон экен ага ини Кичинекей кездеринде жоголуп кеткен бири Кийин алар чоңоюп, алдыга максат коюп Бири жакшы, экинчисинин жаман экен ою Алдар көсө, атка конуп агасы өсөт Тарбиядан дайыны жок анын көрсө Ал көчөдө өскөн, бешикке бөлөнбөстөн Көрүнөр замат көзгө дароо кач көрүнбөстөн Алдар көсөнүн болгон экен иниси Ал ким экендигин керек ал билбесе Узун бойлуу, арыкчырай жигит Ал тарбия көрүп өскөндөрдүн бири Курсагы ток эч зыяны жок Мүнөзү жоош жигит тез ишенчээк бирок Ал дүкөндө иштеп жүргөн күндө Алдар көсө өтүп келди төргө Ага ини көп убакыт өтүп кийин жолугушту Бири-бирин тааныбастан туруп экөө дос болушту Алдар көсө дос-дос, деп ачырып турду ооз Эң эле кызыгы, өз инисин уктатты кооз Агасы кайдан билди, алдаганын кимди Ал түш көрсө миң, кирбегендин бири Ушалаган кулак досу,бир тууган экендигин Ага-ини жаш кезинде түшкөн сүрөттөн билген
  • Теңелгис жүздөн бири, ичинде жок кири, Бал сымал таттуу ширин ар бир сөзүнүн бири. Чагылган күндүн нуру чырайы жүзү сулуу, Карагат көздөрүн жуумп ,ыймандуу Кудай кулу. Тандаган тура жолун келечегине умтулган, Акылы, эси жогору, чырайлуу жүздүү созулган. Баарына бирдей мамиле жакшы-жаманын чанбаган, Элине ыйман тилеген, ата-энесин сыйлаган. Сыйынып Кудай деген жүрөгү менен ишенген, Сыйы, урматы кенен улууну сиз деген. Улуунун сөзүн уккан кичүүгө насаат берген, Колун бетине жумган, бата алууну билген. Баарына шүгүр караган, ач көзщдүгү жок адам, Боорукерлигин аябаган, кечирим сурай алган. Келбетиндей жүрөгү сулуу, ыймандуу кыздардан, Бул кыз кырк чачы улуу кыздары кыргыздардын. Кайырма: Ыймандуу кыз, улуту кыргыз, Ыйык жүзүнөн өчпөсүн жылдыз. Мээримдүү кыз, улуту кыргыз, Чырай жүзүнөн кетпесин жылдыз. Жаратылыштын Кудай берген өзүнүн жүзү, Жарашкан жүзүн булгабайт боёксуз чырай жүздүү. Чаң жугузбайт өзүнө таза калпы жок сөзүндө, Ыймандуулугу төрүнөн көрүнүп турат көзүнөн. Жалкоолугу жок адам талыкпай эмгектенген, Ата-энесинен алган тарбиясына бекем. Мына эми азыр ар бир жигиттин оюнда, Ыймандуу, таза кызга үйлөнгүм келет жолукса. Кыргыздын кызы бузулбайт, каалабайм бузулушун, Жаман жолго азгырылбайт ишенем бекем турушун. Кармаган намысы бекем намыстуу билем ишенем, Жаман нерседен чекеде тамеки чегип ичпеген. Кудайым өзү колдосун чырайлуу кыргыз кыздарын, Бузулгандары оңолсун, шайтандан алыстаткын. Ичине ыйман кирип, акылы жогоруласын, Кыргыз кызынын ар бири биз үчүн кымбат азыр.
  • Сегодня на танцполе наша песня тащит, И я хочу тебя пригласить на танец, Хочу чтоб ты раскрылась словно дикая лвица, Ну а пока стобой закажем роллы и пиццу’ Кайырма: Давай танцуй крошка, это было бы мощно’ Говорила твоя мама моя девочка бомба’ Ты танцуй Опа опа, ты танцуй лока лока Опа, опа, опа, это песня жестко! Сени менен өтө берет ушул сонун жайлар, Жетелешип кетеличи бекем кармап айга, Күлүп койчу садагасы мага жагасын сен, Сени менен бирге болот мына ушул таңдар!