Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр жазым»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзүңдү өмүр бою унута албай,
Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.
Күйгүзгөн жалынына сенин отуң,
Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң.
Кечигип кемитпечи, асылзатым,
Кечигип неге келбей, көңүл болсун?
Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым,
Өзүңө өмүр бою багынайын.
Кылымдар кылым санап өтсө дагы,
Карыбайт сага деген махабатым.
Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан,
Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.

Другие песни исполнителя:

  • Жан жүрөктөн жаралган, Жаным менин, жан балам. Таянар тоо болсун деп, Теңир мага арнаган. Эркин куштай талпынган, Эрезеге жет, балам. Эмгегиңди бааласаң, Зирек болгун акылман. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Айдай жүзүң нурчалган Адам болгун жөлөгүм. Адал иштеп ар убак, Аткарылсын тилегиң. Күндөн жүзүң нурчалган, Күзөтү бол элиңдин, Элин-жерин коргогон, ай Опол тоодой милдетиң. Жараткандан суранам, Узун болсун өмүрүң. Жакшыларга жанашкын, Эмгек болсун көңүлүң. Кызмат кылып журтуңа, Өсүп-өнгүн көбөйгүн, Кабыл кылсын теңирим, ай Ата-энеңдин тилегин. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Алдей, алдей, алдей, ай, Укта балам, ай балам.
  • Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма: Эээй асылым эй, асылым Жаным берген жакыным Асылым эй, асылым Сүйүп жүрөм жашыруун Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң Эрчитип ажайып бир алыстарга Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң Кайырма Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма
  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.