Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ай чыкты»
исполнителя Кеңеш тобу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Тоюңарды алыстан угуп келдик, эки жаш, Кечеңерге ыр майрам, куруп келдик эки жаш. Үзүлбөсүн колуңар, куттуу болсун тоюңар, Белек кылып бул ырды, сунуп келдик эки жаш. Кубанчыңар кайгыга чөмүлбөсүн, эки жаш, Кулачыңар биригип сөгүлбөсүн, эки жаш. Эң биринчи достошкон, эми минтип баш кошкон, Экөөңөргө кудайым бакыт берсин, эки жаш, Өмүр берсин эки жаш. Бир-бирине түбөлүк байланышсын, эки жаш, Эл суктанган түгөйгө айланышсын, эки жаш. Өздөн артык өз болор, экөөңөргө бел болор, Өкүл ата-энелер шайланышсын, эки жаш. Дасторконуң дайыма жайыл болсун эки жаш, Урпагыңар көбөйүп, айыл болсун эки жаш. Көшөгөңөр көгөрсүн, наристелер төрөлсүн, Калың журттун батасы, кабыл болсун эки жаш. Эл журтумдун батасы, кабыл болсун эки жаш.
  • Жалгыздайм жанымдан алыс кетсең, Жалооруп издеймин, эгер сезсең. Жаныма жашоонун демин берген, Жалгызым, ишенгин, бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Жылдыздай жымыңдап эркелесең, Өзүмдү бактылуу элестетем. Өмүрдүн ачылган гүлү сымал, Сүйүүдөн тапканым бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Кайыра: Шам болуп жүрөккө жарык берген, Жашоонун маңызы бир гана сен. Жарашып жанымда жандап жүргөн, Жашоодо жалгызым бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен. Өткөрүп өмүрдү сени менен, Өзүңө арналып дайым келем. Өрт болуп жүрөгү күйүп- жанып, Түбөлүк сүйөрүм бир гана сен. Бир гана сен, бир гана сен.
  • Ишенбей турамын укканыма Ичим от, жалындын кучагында Ирмебей уйкусуз түндөр өтөр Илинип санаанын тузагына Жарыгы өчкөндөй махабаттын Жалыны жалгандын каптап жатты Жазыгы эмнеде билбейт элем Кайгы таптым Кайырма: Ыйлабачы, ыйлабачы, жан дүйнөмдү кыйнабачы Ыйлабачы, сыздабачы, жүрөгүмдү бүтүн жанчып Суранамын мен өзүңдөн, жаным менин Өзүңсүз мен эми жашай албайм Өмүрдүн таттуусун сага арнайм Өкүнтөт өрт болуп өткөн күндөр Өзүңдү мен эми жандай албайм Ойлобой койоюн десем дагы Оюмдан кетпедиң күнү-түнү Айыкпас жүрөктүн ушул тагы Болдуң жаным Кайырма:
  • Ала — Тоо кыргыз жерим Ак калпак кыргыз элим Акылман муун урпагы Асабаң бийик сенин Баатырлар чыккан жерим Бабабыз Манас урпагы Акынга толгон элим Ата-Журт ата тегим Комуздун толгоп кылдарын Асманың ачык сенин Мекеним кыргыз жерим Айланып алгыр куштары Кайырма: Көктө жанган чолпон жылдыздай Залкар уулуң чыккан Чыңгыздай Айтып бүткүс жерим мекеним Ата- Журтум кымбат алтындай Айымдардан чыккан баатырлар Мекенимде канча асыл бар Курман кылган улуу үчүн Курманжандай чыккан баатырлар Кыргызстан менин мекеним Кыргызстан Аскасы көк тиреген Көлү бар мелтиреген Сөз жетпейт кооздоп айтууга Тарыхын өчүрбөстөн Манасын улап келген Саякбай чыккан калкымда Кылымдар өтсө дагы Кыргыздын атын улук Көк жалдар чыккан калкымдан Улантып урпактарга Улуулар насаат берген Айланам сенин салтыңа