Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кайрылуу»
исполнителя Алтынай Нарбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кезим жок, сени ойлоп эстебеген
Болсо да, өз босогом, өз керегем.
Туптунук ошол сезиме сиңдиби
Сүйүүнүн табышмагын чечмелеген.

Кайырма:
Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө
Жашоого кеч киргенде, туюп кой
Өксүп мени сагынаарсың.
Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден
Сен кайгыга кабылганда,
Тагдырга таарынганда,
Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга
Жоготкон махабатың сагынганда.

Курдуңбу өмүрүңдүн пайдубалын
Мен сага сырымды айтып, кайрыламын.
Нөшөрдөн кубат алгандар ак сымал
Турмушуң мөмө төгүп жайды багын.

Кайырма:
Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө
Жашоого кеч киргенде, туюп кой
Өксүп мени сагынаарсың.
Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден
Сен кайгыга кабылганда,
Тагдырга таарынганда,
Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга
Жоготкон махабатың сагынганда.

Өткөндү эстеп билем кыйналаарың
Көрдүңбү чогуу бакыт кыйбаганын.
Секелек кыз эмесмин, сезип жүрөм
Жүрөгүң жалгыздыктан ыйлаганын.

Кайырма:
Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө
Жашоого кеч киргенде, туюп кой
Өксүп мени сагынаарсың.
Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден
Сен кайгыга кабылганда,
Тагдырга таарынганда,
Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга


Кайырма:
Бирок, сен жаштыгың өткөргөндө
Жашоого кеч киргенде, туюп кой
Өксүп мени сагынаарсың.
Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенден
Сен кайгыга кабылганда,
Тагдырга таарынганда,
Барып кайт, биз кездешчү ак кайыңга
Жоготкон махабатың сагынганда.
Кайрылбас ак сүйүүңдү сагынганда.

Другие песни исполнителя:

  • Сыртта жамгыр нөшөрлөйт, Жашын тыйбайт, жашын тыйбайт. Өткөндү эстеп, сезимим сынып сыздайт, бүтпөй сыздайт. Айыбы жок жүрөктүн арманындай, арманындай Сен жөнүндө, сен жөнүндө эскерүү кандай азап, азап, азап. Гүлү эңсеп, көңүлдүн төрүндөгү, төрүндөгү Карай берем элеңдеп булуттарды, булуттарды Жүрөгүмдө жашынган балалыктай, балалыктай Жапжаш бойдон, жапжаш бойдон Жашынып сүйүп калдым, калдым, калдым Мүчүрлөнгөн жамгырдын муңдуу күүсүн, муңдуу күүсүн «Тыз» эткизет тымызын жүрөгүмдүн, жүрөгүмдүн Сапар тартып келемин жалгыз өзүм Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Сен жөнүндө, сен жөнүндө кайталап билгенимди, билгенимди Иии-ииий, мммм-ммммм!
  • Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн, Мөмөсүн эсиргендер тебелеген. Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо, «Бөлүнбөй кете берет» деген элем. Бул турмуш деңиз тура кемибеген, Жакшылык-жамандыгын ченебеген. Тымызын кош айтышып жаткан кезде, «Мен сени унутам го» деген элем. Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң, Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң. Жүрөктө балалыгым кандай калса, Сен дагы дал ошондой орноптурсуң. Жүрөктө дал ошондой, Сезимде дал ошондой, Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
  • Күтпөчү сагынарым, сагынарым, Саргарып калар бекер ак ыраңың. Жайнаган элик көзүң сумсайбасын, Жароокер мен өзүңдү сагынамын. Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып, Шоолаңды, нуруңду эч аябастан. Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып, Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман. Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык, Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей Тагдырым берет жыргал зарыктырып, Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
  • Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум, Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум. Өмүр бою жаркырап жанымда жүр, Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн. Кайырма: Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым, Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым. Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп, Сен карыба, жан биргем, кагылайын. Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым, Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым. Алдымда жүр жетелеп максаттарга, А мен болсо артыңдан акмалайын. Кайырма: Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм, Угуп турчу, чынымды билдирейин. Сенин барың суранып Жараткандан, Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн. Кайырма:
  • Менин балам болуп караан Бакытымды толуктаган Эзилемин чебеленем Кадам коюп басам десең Жаным балам тилеп алгам Сурап алгам жараткандан Баскан жолуң ак болсун деп Алкап сурайм жараткандан Таң аткандан Карегимсиң көзүмдөгү Данегимсиң өмүрдөгү Медеримсиң эрмегимсиң Мээрим толгон көңүлдөгү Жакшылардын сабында бол Чарпым жазаар жайдарым бол Ата-энем элим деген Дилгир зирээк тирегим бол