Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эл тилеги»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бирде келет байлык, бийлик баарына,
Бирде кетет тайып, жаның сыздата.
Кайгырба, кайгырба сен жашоо шартына,
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да.
Байкабайсың болуп турган бактыңды,
Азык болот дайым сага ырыскы.
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга,
Таштаба, таштаба досторуңду азапка.
Кайырма:
Жашоо деңизи,
Элдин ай, тилеги, тилеги.
Жылдап-айлап түшүнөрсүң баарына,
Жолуң кыска жакшылыктан тартынба.
Чалдыкпа, чалдыкпа алданбачы байлыкка,
Айрылба, айрылба ыймандыктан жакынга.
Кардуу күндөр өтөөр, жылдап аз-аздан,
Карыялар берет батасын сага.
Жараткан, жараткан, жаралганды кубатта,
Ааламга, ааламга көкөлөтүп асманга.
Кайырма
Бирде келет байлык, бийлик колуңа,
Бирде кетет жаның тайып, сыздата.
Кайгырба, кайгырба сен жашоонун шартына,
Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да.
Байкабайсың болуп турган бактыңды,
Азык болот дайым сага ырыскы.
Каалаба, каалаба жамандыкты душманга,
Таштаба, таштаба досторуңду азапка.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сенин сүйүүң алдадыбы? Же махабаттын жалганыбы? Жалгыз калган, жадап турган, Жараланып сен калдың кайгы-муңга. Сезимиңден жаңылдыңбы? Сүйбөгөнгө жалындыңбы? Баары бирдей, баркын билбей, Сезбегенди сен эстеп сагындыңбы? Кайырма: Махабат жаралап, Ааламды аралап. Бактысыз неге жаралат? Ак сүйүүсүн арнаганды, Аяп неге карабадың? Төгүп жашың ыйлап жаттың, Уктабастан арзуудан жараландың. Кайырма: Махабат жаралап, Ааламды аралап. Бактысыз неге жаралат?
  • Согревает нас Ваша теплота, И всю боль рукой сняла. Катится слеза, верила в меня, И с надеждой ты ждала. И не зная сам, следовал стопам, Всех своих друзей, обман. А теперь затих, Всё в себе затмив, Понял я ,что мне пора. Кайырма: Мама, ты прости, обними, Ведь уже всё позади. Мама, ты одна у меня, Лишь бы ты была всегда. Мама, знаю я нет дороже для тебя чем я, Вся надежда в материнской теплоте. Как всегда светла, ко всему добра, Ты заботливая мать. Пережитки все, прошлую печаль, Позабыла ты уже. Но я сберегу всю твою мечту, Разведу тоску твою. И слова приму, боль твою пойму, Тяжесть в руки я возьму. Кайырма:
  • Илебин өрттөп барам Эрмебей көзүн карайм Жамалың периштедей Жайылып аппак каннат Тазасың ааруу таңдай Тамшанткан таттуу балдай Алтыным алмаштырбайм Жалгызымсын толгон айдай Кайырма Суранамын жалынам Сен кетпечи жанымдан Сезимдерим сага болгон Таттуу экен баарынан Жыйнаган бактым болчу Жылыткан сайын толчу Гүл жыттанган гүлзар болсоң Булбул болуп мага кончу Себепсин жан ырыма Жетээрмин кадырына Ырыс менен сага кошкон Ыраазымын тагдырыма Кайырма
  • Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекемине күмөн санап жаңылгам, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм? Кимге барып күйүтүмдү, Кимге айтып күнү-түнү, Кимге барып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп, Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү.
  • Ааламда күн дагы, жаркырап нурун чачат, Ак сүйүү бар үчүн. Адам да жылмайып, жүзүнөн күлкү чачат, Ак сүйүү бар үчүн жүрөктө. Кайырма: Махабат дүйнөнү сактап турат, Сүйүүсүз деңиз да калат кургап. Ааламды аралап, Жашасын махабат! Жашасын түбөлүк, жер бетинде махабат, Өмүрдү улантып. Анткени адамзат, ак сүйүүдөн жаралат, Өмүрдү улантып узартып. Кайырма: