Казахские песни Узбекские песни

Песня «Таң сыры»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылгам,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестеп,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Сагынганда бир келерсиң,
Саргайганда бир келерсиң.
Ала-Тоону көргөнү.

Другие песни исполнителя:

  • Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн, Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм. Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга, Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда. Кайырма: Карагат көздөрүң, карагат, Ак сүйүүм өзүңдөн аманат. Колумда тургансыйт жүрөгүм, Кокустан албагын жаралап. Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын, Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым. Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү, Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини. Кайырма:
  • Билбедим таарыныч эсимде каларын Болбогон нерсеге чо күмөн саламын Кереги жок ойлорду мен кайда катамын Ачкым келет жаңыдан сүйүү барагын Кайырма: Мен сени менен Кыялдарга жетем От жалындай болуп күйсөм дагы Намысымды бийик койсом дагы Сени менен Арманымды жеңем Өзүмдү мен өзүм билсем дагы Өзүмдү мен өзүм сүйсөм дагы Сени менен Мен сени менен Башкаларга көңүл бурсам дагы Өзүмдү мен өзүм билсем дагы Сени менен Билгизбей ичимдем сыр бербей каламын Түшүнбөйм бүтпөгөн түгөнбөс талабын Биз кетирген катаны өзүмо аламын Кантсемда кыялбайм эң кымбат жамалын
  • Бирде келет байлык, бийлик баарына, Бирде кетет тайып, жаның сыздата. Кайгырба, кайгырба сен жашоо шартына, Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да. Байкабайсың болуп турган бактыңды, Азык болот дайым сага ырыскы. Каалаба, каалаба жамандыкты душманга, Таштаба, таштаба досторуңду азапка. Кайырма: Жашоо деңизи, Элдин ай, тилеги, тилеги. Жылдап-айлап түшүнөрсүң баарына, Жолуң кыска жакшылыктан тартынба. Чалдыкпа, чалдыкпа алданбачы байлыкка, Айрылба, айрылба ыймандыктан жакынга. Кардуу күндөр өтөөр, жылдап аз-аздан, Карыялар берет батасын сага. Жараткан, жараткан, жаралганды кубатта, Ааламга, ааламга көкөлөтүп асманга. Кайырма Бирде келет байлык, бийлик колуңа, Бирде кетет жаның тайып, сыздата. Кайгырба, кайгырба сен жашоонун шартына, Тагдырга, тагдырга буйругу да, бары да. Байкабайсың болуп турган бактыңды, Азык болот дайым сага ырыскы. Каалаба, каалаба жамандыкты душманга, Таштаба, таштаба досторуңду азапка. Кайырма:
  • Кыялымдасың, айтпайм эч кимге, Кыйналып жаздым, жаз келип сезимге. Карегимдесиң сен деп алоолоп жанган, Калемимдесиң сүйүү балы тамган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Ойлорумдасың, сансыз аткан күн батты, Ойлонуп жаттым, нечен таңдар атты. Сезимимдесиң гүлзар менен курчалган, Сезбейт экенсиң ансайын күч алган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Бир болууга жаралган жандарданбыз.
  • Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма: