Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карагат көз»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн,
Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм.
Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга,
Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда.
Кайырма:
Карагат көздөрүң, карагат,
Ак сүйүүм өзүңдөн аманат.
Колумда тургансыйт жүрөгүм,
Кокустан албагын жаралап.
Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын,
Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым.
Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү,
Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек
  • Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым. Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат, Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат. Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң, Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
  • Карааныңа зар, мен ар дайым, Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым. Эркелетип сен кучак жайып, Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың. Кайырма: Энекем ай, таза аккан суудай, Таң аткан нурдай, Эрте эле кеч киреби? Берекем ай, замзамдан ууртам, Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми. Мээримиңе зар апакебай, Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай. Ымыркайың ыйлай-ыйлай, Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай. Кайырма:
  • Эркем деп мээримиңди төкчү элең, Неберем деп жетелеп жүрчү элең. Айланып, Жалынып, жыттап жүрчү элең. Жанып турган чырагымсың элең, Тутуп жүргөн тумарымсың элең. Сагынып, зарыгып, Ызаланып туталанам мен. Кайырма: Кагылайын, менин алтын энем, Карегимден аккан жашым менен. Кайда жүрсөм эстеп сагынып, Бир өзүңдү мен. Асылымсың, менин алтын энем, Кусалык кыйнайт жүрөктү эзген. Кайда жүрсөм эстеп сагынып, Бир өзүңдү мен. Айла жок. Кайрылбастан кеткен экен, Ыйласам да, сыздасам да, Бирок эне затын сыйлайлычы, Өз убагында. Эстеймин, эне, искеп жытыңды, Зарыгып уксам деймин үнүңдү. Кагылып, жалынып, бир өзүңө мен, Берекем деп бөпөлөп бактың элең. Көлөкөм деп көкөлөп жүрчү элең, Сагынып, зарыгып. Ызаланып, туталанамын мен.
  • Жаратканга жакын экен, Айт майрамы асыл экен. Курман чалсаң кутуласың, Балээлерден башың эсен. Жаратканды унуткандын, Жан дүйнөсү жакыр экен. Кулдугу бар, сыймыгы бар, Кыргыз эли баатыр экен. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз! Ала-Тоосу бийик болуп, Көкүрөккө үмүт толуп. Маарек болсун айтыңар деп, Ак батасы тунук болуп. Улуулары урмат кылса, Кичүүлөрү сылык болуп. Кылымдардан келе жатабыз, Кыргыз деген улут болуп. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз!