Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ильяздын ыры»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсом да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Сен эзсен кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.
Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Our love is alive and so we begin Foolishly laying’ our hearts on the table, stumbling’ in Our love is a flame burning’ within Now and then fire light will catch us, stumbling’ in Мирбек Атабеков: Wherever you go, whatever you do You know these reckless thoughts of mine are followin’ you Чолпонай: I’ve fallen for you, whatever you do ‘Cause baby you’ve shown me so many things that I never knew Whatever it takes, baby, I’ll do it for you Кайырма: Мирбек Атабеков: You were so young, ah, but I was so free Чолпонай: I may have been young but baby, that’s not what I wanted to be Мирбек Атабеков: Well you were the one Чолпонай: Oh why was it me? Мирбек Атабеков: ‘Cause baby you’ve shown me so many things that I’d never seen Whatever you need, baby, you got it from me
  • Көз ачып шаттуу дүйнөгө жаңы келип Ымыркай жан шеригим көпөлөгүм Нур заман гүл жыттанган мекенде Өсө бер сен болгун көкөлөгүм Келечек канатымсың бел байлаган Дүйүмсүң мөмөлөгөн жер жайнаган Эл үчүн кызмат кылсаң эр жеткенде Урматтап ызат этип баары сага Батадан бүткөн карааным Түгөнбөс мүрөк булагы Эл уулу болуп өсө бер Канымдан бүткөн чырагым Таалайым кандан бүткөн берекемсиң Сайбанын көк майсамдуу көлөкөмсүң Ыңалап үнүң чыкса мен кубанган Ырыс чачып баарына, ырыс чачкан төрө экенсиң
  • Өзүң менен жүрсөм, жаным, Жарашып бул күндөрдүн баары. Алоолонгон сезимдерим, Улам-улам күчөп барат. Элестете албайм өзүмдү, Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү. Өмүрүм да сен, Көңүлүм да сен, Ырларым да сен! Кайырма: Жадырап сен мага, Мен тартылам сага, Жамалың күлүп турганда. Эркелеп сен мага, Мен тартылам сага, Жамалың күлүп турганда. Күлүп турганда! Күлүп турганда! Бир гана сен, Табылгыс белек болдуң мага. Сен жана мен, Биз экөөбүздүн жолубуз бир, Ишенгин мага. Элестете албайм өзүмдү, Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү. Өмүрүм да сен, Көңүлүм да сен, Ырларым да сен! Кайырма
  • Элесиң көз алдымда, Карагансыйт таарына, Салып сүйүү зарына мени. Сүйөрүңдү башканы, Чындык сенден качканы, Өкүндүрүп, сыздатты мени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма: Бакытым белең мага бир келген, Жалындап жүрөк эңсеген? Көктөн тилеген күндөрүм менин, Кеттиби, жаным, сени менен? Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй, Жалгызым, сени кыйбадым, Тагдырым, неге мени кыйнадың? Таразасыз тагдырдын таламына батырдың, Таштак жолго калтырып мени. Мейли мезгил, жыл өтсүн, Мейли сенсиз күн өтсүн, Сүйө берем түбөлүк сени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма:
  • Мен оорудум бир жолугуп Махабатка бир мас болуп, кайра соолугуп Мынчалык неге сулуу? Көздөрүң тунук терең толукшуп. Кандай сонун сенин колуң Кармаганда сезер белең жүрөк согушун? Ким эле суктанбасын Тим эле кулпунасың, колуктум. Кайырма: Перидей жансың, Кериле бастың Мен сүйгөн жансың. Бакытымды таптымбы дейм, Шириним таттуу балым эй Жүрөгүмдү ээлеп алдын го бир өзүң Дагы, дагы, дагы дейм Тойбодум го татымыңа мен Сезимдерим ээлеп алдың го бир өзүң Махабатым сага арнадым, Сыртыңдан гана сүйгүм келди, сени ардагым. Ашыкмын сага билем, Айталбай аттиң, жүрөм арманым. Асыл, жаным, ананайын, Сөздөрүн терип, асыл жарым, сага арнайын. Жанашып түбөлүккө, Жарашып бул өмүрдө калайын.