Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ал»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ал ачылган ачылган гүлдөй
Ал жарык күндөй
Нурун чачып көрүнөт
Ал дүйнөдөгү пери
Канатын керип
Периштемдей көрүнөт

Ал мени кыйнады
Жүрөктү алды
Ойлонтуп түнү бою
Ал кайгыга салды
Аябады
Деги кандай анын ою

Ал тунук булактай
Таза абадай
Жан дүйнөмө дем берет
Мен ааламга батпай
Айламды таппай
Бой жетсе да кол жетпей

Другие песни исполнителя:

  • Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып көздү караткан. Алыстан келген адамдар, ий, Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан. Береке нурун сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Хан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер. Ак шумкар сызып учкан жер, Атагын дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластын, Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер. Ак чөлмөк ойноп тан аткан, Айлуу түн бизге жарашкан. Канчалык ойноп күлсөм да эй, Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан.
  • Дүйнөдө жаратылган, Себепкер бул бактыма. Жан дүйнөм тартуу кылам, Жалгыз сага. Жүрөктүн жарымы сен, Дүйнөмдүн тамыры сен. Жаркырап жанып турчу, Өзүң гана. Кайырма: Сен менен жашайм улам, Сезимдер сага деген, Жүрөктө толкуп турат. Жүрөгүм арнайм сага, Түбөлүк сен деп гана. Жаралган жүрөгүмдө, Сүйүүмдү арнайм сага, Жалгыз сага. Жашаган арзууларда, Жалынган жалгыз сага. Жан дүйнөм оттой жанат, Өзүң барда. Жылдыздар аткан таңда, Жетпегем сендей жанга. Жылдызды суктандырган, Өзүң гана. Кайырма:
  • Мен эстеп өзүңдү, Назик мүнөзүңдү, Сагынган кезде. Эркелеп кетчү элең, Үмүт берчү элең, Ал күндөр эсте. Сагынган кезде, Унута албай көздөрүң неге? Убайымда жашаймын сен деп. Ушул экен тагдырым дебе. Кайырма: Мен сагынган кезде, Сен сагынган кезде. Жолуңду карап, Убакыт санап, Көздөрүм жанат. Ишенгин демек, Жүрөгүм сен деп, Кагыла берет. Ишенгим келет, Сүйүүдө тунук, Ишенич керек. Мен эстеп өзүңдү, Кара көзүңдү, Сагынган кезде. Эркелеп кетчү элең, Үмүт берчү элең, Ал күндөр эсте. Аралап сезимди, Убакыт келгенде, Тагдырым сен белең? Жаным, билбейм. Түшүмө киресиң, Жаныма сен келгенде. Түшүнсөң билесиң, Сагынган кезде. Сагынган кезде, Унута албай көздөрүң неге? Убайымда жашаймын сен деп. Ушул экен тагдырым дебе. Кайырма:
  • Гүл бакчаны аралап, Экөөбүз бирге жүрөбүз. Көз артышат бизди карап, Баарысы, жашы-карысы. Көз тийдиби, суук көздөр, Билбедим, көздөр тийдиби? Биздин сүйүү муздап барат, Барган сайын муз болуп барат. Кайырма: Сен мени алдадың, Алдадың, дагы-дагы алдадың. Мен байкуш алдандым, Алдандым, дагы-дагы алдандым. Сен мага сүйөмүн, Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда? Мен болсо, ишенип, Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра. Деген сөздөрүң кайда? Ишенбеймин эми сага, сага. Алдадың, алдадың мени… Менин болгон сүйүүмдү, Өчүрдүң болгон сүйүүмдү. Ишеничим түгөндү сага болгон, Баары түгөндү… Эми жалгыз кетсемби, Жер жүзүнө тентип кетсемби? Же болбосо, бул Ааламды, Колум шилтеп, таштап кетсемби? Кайырма: