Казахские песни Узбекские песни

Песня «Менин келинчегим»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

1.Баястан :

Менин бактым менин жаным болдуң өзүң
Бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун
Баардык жактан жарашабыз билем жетет менин көзүм
Турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум

Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүндү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдун менин сулуу келинчегим

Үйгө эрте келгим келет, жаным сени көргүм келет
Жумуштан бошоп колундан тамак жегим келет
Сыноолорду өттук жаным, чын бакытты таптык жаным
Улутуна карабаймын суйом сени жаным

Нурлан Насип :

Сенин маанайынды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм (2х)

2. Баястан :

Коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай
Үшүп калсан болуп берем сага ыссык жайдай
Сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай
Бирге жүрсөк ала тоонун чокусунан тайбайм
Бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү
Утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү
Көздөрүң дайым жайнап эриңдерин жылтырап
Чачтарың жазгы гүл болуп дайым мени суктантат
Сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей
Сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей
Түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей
Биздин дүйнөбүзгө эми эч кимди киргизбейм

Нурлан Насип :

Узатаар замат сагынамын сени
Бул сапар сага багынамын эми
Караныңдан кагыламын мен эми
Менин келинчегим деп сени (2х)

Сенин маанайыңды дайым карайм
Бакыт таалайды да акмалайм
Сенин таарынтканды жакалайм
Менин келинчегим деп калкалайм (2х)

Баястан :

Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим. (2х)

Другие песни исполнителя:

  • Экөөбүз жолукчу жер, Көлдүн жээги, аба салкын ааай, Күндөгүдөн баскандарын, Бүгүн эртен, арбын арбын, ааай. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң, Ойумда эч нерсе жок ай кучактасам ааай, Башкага жар болдум деп, башкага жар болдум деп ыйлап өптүм. Махабат бооруң ташпы, Агыздың го көздөн жашты ааай, Бактымды кармай албай, Бул сүйүүдөн көңүл калды ааай. Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча ааай, Алтыным кош болгун деп, кете бердиң Көзүмдөн акты жашым, көзүмдөн акты жашым узаганча Кызарып күн жаныдан, Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды. Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.
  • Нөшөрлөп эжай бербей жамгыр төксө Жамгырдай толгон карек жашын сепсе Жүрөгүм жаш кесилип келээр бекен? Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Айта албай убакыттын эрте-кечин Сыялап сырлар жазам кагаз бетин Кетипсиң кайра келбес сапарыңа Калтырып махабаттын ыр-кесесин Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Конбоду чынарымдын бутагына Кыспадың койнуң толо кучагыңа Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң Карматып кыпкызыл чок бутагыңа Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын Сезбеди сагынганым сенин жаның Саргартып кан жүрөктү ажарладың Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным Жутпадым сен жыттанган Жутпадым сен жыттанган Сүйүү балын
  • Алыс кетсем үйүмдөн, кабатырланып, Күнү-түнү уктабай санаага батып. Кара чачың агартып, бизди чоңойттуң, Рахматымды айтсам да, таманыңда н өпсөм да. Аздык кылат апакем. Кайырма: Апакемдин маанайы, Ачык болсун ар дайым. Оорубачы апакем, Узун өмүр каалаймын. Төрүбүздүн көркүсүң, бейиш үйүбүз, Сизден алып тарбия, тунук дилибиз. Балдарыңды чоңойттуң, урмат-сыйын көр, Небере да жетелеп, алар сага эркелеп, Узак өмүр сүрүңүз. Кайырма:
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.
  • Мейли жүрөгүмдү оорутсаӊда сени жеӊдим, Теӊби таптым дедиӊ өз жашооӊдон орун бердиӊ. Сага ак сүйүүнүн эӊ тазасын арнап турам айттырбастан өзүӊ сездиӊ Өзүң бул жашоону сүйүш учун мага келдиң. Кайырма: Жалгыз ээси жүрөгүмдүн сен, Бүт маңызы бул өмүрдүн сен. Жалган болсо биздин бул жашоо Чындык болсун ак сүйүүбүз дейм. Сени бакыт берип буйруптур тагдырын мага Мени ороп турат алоолонгон сүйүү жана. Разы жүрөк разы менден барган махабаттын жарымын Сен мага арна Келет көргүм келет көздөрүңдү ар бир таңда Кайырма: