Казахские песни Узбекские песни

Песня «13 жашаар баланын каты»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ата, каныңдан бүткөн баламын,
Кабыл ал айткан саламым.
Көңүлүм канча калса да,
Көзүмдөн учуп карааның.
Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
Көп зарлап жолуң карадым.
Көргөн бир күнү курсунчу,
Ата, тирүүлөй жетим баланын.
Туягын тулпар кордойбу,
Тууруна туйгун конбойбу?
Бөлүнгөн кайта бириксе,
Бөксөргөн нерсең толбойбу.
Укканың барбы, атаке,
Уясын бузган торгойду?!
Томуктай ошо макулук,
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..
Балалуу көлдүн өрдөгүн,
Баласы үчүн өлгөнүн.
Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
Бүркүттү дагы көргөнмүн.
Асырап бала бакпаган,
Айбандын бирин көрбөдүм.
Жылдыздай жанган балаңды,
Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!
Барчын да канат сабалап,
Бала үчүн кылат далалат.
Айланып алыс кете албай,
Ак куу да бала каралап.
Атсаң да болбой, айкырып,
Аюу да коргойт мамалак.
Атаке, сендей боору таш,
Деги адамда кантип жаралат?!
Апам чыгарып күчүн жашка эле,
Чыдамыш болот жакшы эле.
Бир кокуй неме экениң,
Билсечи байкуш башта эле.
Сендеги сырды ал кезде,
Сезбесе керек жаш неме.
Убалдан коркуп койбогон,
Ата, ушунча бооруң таш беле?!
Ар кимден ушак кеп угам,
Башка аял алды деп угам.
Баарынан бирге ойногон,
Балдардан жаман корунам.
Тосушса балдар атасын,
Томсоруп айла жогунан.
Тойпоңдоп чуркап мен деле,
Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!
Турмушта болот салтанат,
Турса да гүлдөп чар тарап.
Ызы-чуу түшүп биздин үй,
Мас болуп баарын талкалап.
Томкоруп тоону келгенсип,
Жатчу элең кээде чалкалап.
Анда да байкуш апакем,
Сенин айыбыңды турчу калкалап…
Боору таш сендей жаралган,
Болбостур деги адамдан.
Айыгар күнүм бар бекен,
Ачышкан жүрөк жарамдан?
Убалдан коркпос жанагы,
Таш жүрөк немең жаңы алган.
Апамдан өйдө көрсөң да,
Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?
Ичине түшүп жалындын,
Ичигиңди далай жамындым.
Сыздатса балдар “жетим” деп,
Сынганын айтпа шагымдын.
Жоготкон деген атасын,
Жогу да менин багымдын.
Жыттатып койчу бир келип,
Атоу, жытыңды абдан сагындым.
Бак-таалай мага мунарык,
Баратат улам тунарып.
Канчалык бүтөт десем да,
Кайгыга кайгым уланып.
Кайгынын жетпей түбүнө,
Кетти окшойт катым чубалып.
Ушунун баарын сен келсең,
Ата, унутпайт белек кубанып…

Другие песни исполнителя:

  • Бирде суук, бирде ысык, Өмүрүң учат сызып. Бул жашоо деги бизге, Эмнеси менен кызык? Өкүнбөгөн адам барбы? Кубансаң да арты кайгы. Бар байлыгың бул жашоодо, Ал артыңда туяк калды. Кайырма: Сүйүү оту жана берсин, Өзүңө окшош бала берсин. Сүйүшкөндөр түбөлүккө, Ушул бойдон кала берсин. Жетпесең тилегиңе, Жетпесең сүйгөнүңө. Бул жашоо деги бизге, Кереги бар эмне? Сүйүшпөгөн адам барбы? Сүйүп калган кандай жакшы? Үзүлбөгөн үмүт менен, Күтсөң ошол жашоо вальсын.
  • Канымдан бүткөн, Зарыгып көпкө күткөн. Наристем менин, Тазасың аппак сүттөн. Жан дүйнөң балдай, Кири жок берекемсиң. Тамшанып чоңое бер, Ак сүтүн эмип энеңдин. Кайырма: Ааламга балам канат кер, Атагы чыккан болгун шер. Алаканга салып элиң, болгун мырза. Тамтаңдап бассаң, Таалайым нурун чачкан. Жылмайып күлсөң, Маанайым таңдай аткан. Аман бол балам, Жаркырап маңдайымда. Алдыга коюп кадам, Умтула бер дайыма. Кайырма:
  • Кармашкан эки кол, Жанашкан эгиз жол. Ээрчишип бир жандай, Телегейиң тегиз бол. Сезимге дил болуп, Колдогон пир болуп. Аталып үй-бүлө, Максатыңар бир болуп. Кайырма: Ырыскы чача берсин, Калайык бата берсин. Сүйүүңөр түбөлүккө, Алоолоп жана берсин. Сен ага керексиң, Бактыга себепсиң. Алмашкыс эч качан, Баасыз алган белексиң. Жолуңар улансын, Сүйүүдөн куралсын. Небере жытына, Ата-энелер кубансын.
  • Конокко куш келипсиз, кудача кыз, Бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз. Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп, Жылмайып коюңузчу, суранабыз. Ээ-эээй, ий-ии-ий-ий, аа-аай. Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Байландым упузун, ай, чачыңызга, Укмуштай капкара экен кашыңыз да. Калбайбы көңүлүңүз биле албадым, Суктанып жакын барсам жаныңызга. Ээ-ээээй, ига-ига-ига, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Супсулуу кара көздүү кудача кыз, Сиз үчүн керек болсо кыр ашабыз. Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз, Жакшылап карап көрүп бааласаңыз. Ээ-эээээй, ии-ии-ии-ий, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Үйүңүз Ала-Тоонун этегинде, Коштошуп гул берейин кетериңде Узатсам кандай сонун болор эле, Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде. Ээ-эээээй, ига-ига-ига-ига-ига, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз?
  • Сөзү: К.Качкынбаеваныкы Обону: И.Абдыразаковдуку Тагдырыма таарынамын, Таба албастан ага айла багынамын. Асыл эркем, сагынамын, Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын? Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы... Билесиң бул арманымды, Жалгыз гана ырга айланып калганымды. Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм, Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм. Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы...