Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жанымды кыйнабачы»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карагат көздөрүңдү көргөндө кубанамын,
Көңүлүң алсамбы деп, күнүгө убарамын.
Кылчайып карап койчу,
Көңүлүм оорубасын.
Жүзүмдөй эриндериң жүрөгүм арбап алды,
Түндөрү уйку бербей, жүдөтүп, ойго салды.
Жарыгым, мендик болчу,
Жанымды кыйнабачы.
Керилип басканыңа көз артып, суктанамын,
Башкага ыраа көрбөй, өзүңдү кызганамын.
Өкүнтпөй мендик болчу,
Өмүрүм сага арнаймын.

Другие песни исполнителя:

  • Каректериң менин жүрөгүмдө, Өчпөс болуп сакталат. Кайрылбаган, аттиң, калды күндөр, Эңсеп жүрөк суктанат. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн… Кайырма: Сен кубанычым, Аттиң, эми арман болдуң. Сен сагынычым, Жазган түйшүк, Жалган болдуң. Жолдор бөлүп бизди эки башка, Тагдыр ошол, түшүндүм. Аттиң дедим, сүйүп жалгыз калдым, Өксүп, эми өкүндүм. Келчи кучагыма, жыргалым, Бирге күткөн, Сезим кумарына чөмүлсөм, Сүйүп өткөн…
  • Канча күн өттү кайрылып келбей, Билбей оюңду. Калбай артыңдан, кадам таштадым, Үзбөй жолумду. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып. Кайырма: Кеттиң кайда? Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Оюман кетпей, оорудум жетпей. Талпынып сага жетпей, Дарыма жетпей. Балким, кечиктиң, Маңдайга жазган тагдыр түшүнгүн. Арзуу махабат, жетпедим сүйүүгө, Сенсиз өкүндүм. Кайдасың айтпай, кайрылып кайтпай, Түнгө жашынып. Айсыз караңгы, жетпей каламбы, Сени сагынып.
  • Махабат санжырам, Бир сага арзыган. Ак сүйүүм сендик, ардагым. Серпилген кыялдай, Сезимди кыя албай. Өзүмдү сага арнадым. Кайырма: Сүйөмүн мен сени, жаным, Сүйгөнүм, мени арбадың. Ардагым, келчи сен мага, Бир болуп, жаным, ар дайым. Уйкусуз түн келди, Өзүңдү эстетип. Айрылдык неге, билбедим? Кайрылтып, сурантып, Кайгыртып, кубантып, Түшүмө неге кирбедиң?