Казахские песни Узбекские песни

Песня «Биздин суйуу»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп ичинен сага окшош көрүнсө,
Мен да караймын.
Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө,
Мен да самаймын.
Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын,
Билбей кадырын.
Азыр дагы куса болуп сагынам,
Мен да самаймын,
Эңсеп самаймын.

Кайырма:

Биздин сүйүү жашап калган ырларда,
Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга.
Кечир эми, сүйүү гүлү буралган,
Кейитпечи, термелбечи, ыргалба.
Кечиктик биз, эми башка арга жок,
Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда.

Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң?
Издеп жүрөмүн.
Мен атамын, сен да балким, энесиң?
Башка бүлөнүн.
Тагдыр бизди жолуктурса капилет,
Эгер капилет.
Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн,
Мен да күлөмүн,
Мен да күлөмүн…

Другие песни исполнителя:

  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.
  • Адашып сен экөөбүз эми Өчкөндөй махабаттын деми Байкалбай урап баратабы Тургузган ак сүйүүнүн чеби Түшүнбөйм мен да билбейм деги Билбеймин анын не себеби Биз менен иши жоктой азыр Жай согот салкын күз илеби Кайырма: А балким кайра табышарбыз Кол кармап бирге жанашарбыз Түшүнбөй сезимдерди тунук Таптакыр мүмкүн адашарбыз А балким дүйнө бир кезербиз Махабат деңизди кечербиз Түшүнүп турмушта өйдө ылдыйга Жүрөктөрдөн туюп сезербиз Ак сүйүүм менден алыстаба Адашып жолдон чалыштаба Аябай бакытты берсе эмне Жараткан ченеп карыштаба Мезгил сен алга арыштаба Күч бергиң сезим багынтышка Табигат койнуна жылытчы Махабат үшүп турат суукта
  • Бар экен эсте баягы, Бак чети айыл аягы. Күн чыга ишке бараттык, Күч алып шаттык баяны, баяны. Жылдызы жанса маңдайда. Жыргабай турган жан кайда. Демейде бир топ узун жол, Дегеле кыска мындайда. Айталбай сырдын түгөлүн, Ачышып кеетти жүрөгүм. Кыйылып турдуң мени аяп, Кылчактап аппак чүрөгүм. Ишиңе калдың айрылып, Кызмматка кеттим мен дагы, Кыскарган жолго кайгырып. Андан соң көрдүм күзүндө, Албырып шаык жүзүңдө. Шаа жетпей турган кез экен Шак ийип бышкан жүзүмгө Байкалбай көп эл жайнаган, Башталды сырлар кайрадан, Гүлдөткөн сүйүү бутагын, Гүл турмуш сенден айланам.