Казахские песни Узбекские песни

Песня «Албырып шаттык жузундо»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бар экен эсте баягы,
Бак чети айыл аягы.
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып шаттык баяны, баяны.
Жылдызы жанса маңдайда.
Жыргабай турган жан кайда.
Демейде бир топ узун жол,
Дегеле кыска мындайда.
Айталбай сырдын түгөлүн,
Ачышып кеетти жүрөгүм.
Кыйылып турдуң мени аяп,
Кылчактап аппак чүрөгүм.
Ишиңе калдың айрылып,
Кызмматка кеттим мен дагы,
Кыскарган жолго кайгырып.
Андан соң көрдүм күзүндө,
Албырып шаык жүзүңдө.
Шаа жетпей турган кез экен
Шак ийип бышкан жүзүмгө
Байкалбай көп эл жайнаган,
Башталды сырлар кайрадан,
Гүлдөткөн сүйүү бутагын,
Гүл турмуш сенден айланам.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.
  • Өмүрүмдүн жалгыз арманы, Өкүнүчтүн жансыз салмагы. Өзүң деген ыйык тилегим, Өргө жетпей өксүп калганым. Чулгап алып мени кусалык, Сени күткөн түндөр узарып. Өмүр токтоп ошол ирмемдер, Отургансыйм жылбай тушалып. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Салаалаган ысык жаш тамып, Самабадым неге башканы? Жазда кирген албуут дайрадай, Сагынычымдын ашып-ташканы. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
  • Эй, достум, айтайын жашыруун сыр, Жашоомду жаңыртты бир жакшы ыр. Кезиктим сүйүүмө кайрыктардан, Белегин сунду бейм мага тагдыр. Кайырма: Бир обон, бир жакшы музыка, Жүрөктү салган го тузакка. Кубулжуп бүтпөсүн жаңы ырым, Экөөбүз таанышкан, Бизди табыштырган мызыка. Көңүлгө бакыт куш келип конуп, Көөдөнүм бал сөзгө турат толуп. Ыр болуп түбөлүк жаңырсын деп, Сүйүүбүз жазылды нота болуп. Бир обон, бир жакшы музыка, Бирде ал сагыныч-кусада. Бирде ал кубаныч, сүйүнөт, Бирде таарыныч, сагыныч ызада.