Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаңы, жаңы, жаңы жыл!
Кирип келди кайрадан.
Жаңы жылдан жакшылык,
Күтөт элдер сандаган.
Тынчиык, сүйүү, бейкуттук,
Чын ден-соолук кааларым.
Ыр, күлкүгө чулганып,
Шаңга толсун айлана.
Кайырма:
Көңүлдөргө дайыма,
Күлкүлөр толуп, шаң болсун.
Адамзаттын жан дүйнөсү,
Жааган кардай ак болсун!
Эски жылды биз узатып,
Жаң жылды биз тосолу.
Ар бир үйгө кут кирип,
Ден – соолукта бололу.
Сааттын жылып жебеси,
Он экини кактырат.
Шаңга толуп көчөлөр,
Шампан көккө атылат.
Ар бир үйгө жаңы жыл,
Кирип келет жаркырап.
Жаңы жылда жакшылык,
Каалоо- тилек айтылат.

Другие песни исполнителя:

  • Көчөлөрү ар түр жашылдан, Кере жутам таза абаңдан. Көз салсам төмөн тарапка, Көкмөк көлүң ойноп чалкыган. Кереметүү тоосу Шамшыкал Жер соорусу Арым, Итагар Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр Узун-Акмат, Торкен дайралар. Кайырма: Биздин туулган жер ушул, Биз да ушул жерге уул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Ырчы кызы, ырчы уул, Биздин туулган жер ушул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Обон чыгат аска-зоосунан, Ыр татымы келет тузунан. Касиеттүү алтын бешигим, Күү угулат аккан суусунан.
  • Өмүр менен жашымды, Арнаймын деп мен элге. Мен да жүрөм мекендин, Эң керектүү жеринде. Өтүп жаткан өмүрдү, Токтотууга ал кайда? Ага болгон кумарым, Жашарткандай ал кайра. Кайырма: Түйшүктөнүп кайра эле, Түбү бүтпөс санаамдын. Ошон үчүн тирүүмүн, Ошон үчүн адаммын. Мен өмүрдүн четинен, Кетилгенин сезгенде. Мазем кетип жанымды, Батыра албайм эч жерге… Күндөр жылат агылып, Жамгыр төгүп өткөндөй. Жашай албай сагынып, Жазды күткөн көктөмдөй. Эмне мынча кызылдап, Калуучудай кечигип? Ал ансайын четинен, Өмүр барат кетилип. Кайырма: Өнүп чыккан гүл көрдүм, Басып өткөн изимден. Муңум тарап көңүлдөн, Топук кылам ичимден. Ошон үчүн тирүүмүн, Ошон үчүн адаммын…