Казахские песни Узбекские песни

Песня «Неге алдадың»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыттын даамы сезилбей кетти
Себеби анын өзүңсүң
Ашыктык оту арманга өттү
Бир келип кеткен сезимсиң
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың
Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм
Кыялбай жүрөм өзүңдү
Сагындым жаным
Кол кармап дайым
Жетелеп жүргөн кезимди
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың
Неге, неге арбадың?
Неге мени алдадың?
Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде
Башка жолду тандадың
Неге, неге арбадың?
Неге жаным алдадың?
Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм
Башканы сен тандадың

Другие песни исполнителя:

  • Ай сулуу кыз аткан таңдай, Көңүл учту сага карай, Карайм карегимди албай… Тилегиңиз жанга дос бекен? Жүрөгүңүз али бош бекен? Кечиктимби мен ай, билемин кандай? Баатыр жигит болчу Абай, Сендейлерди көргөм далай. Анча, ашыкпаңыз андай… Жүрөк ээси болуу урмат го, Аны ачуу сизге кымбат го, Ачкычын да албай, Ачасыз кандай? Кайырма: Ачып алам, оңой жолу керек, Ашык адам тапкыч болуу керек. Максаттарын бийик коюу керек, Эки жүрөк бирдей согуу керек. Көзүңүздү жатка ыйгарбай, Өзүңүздү бекер кыйнабай. Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге! Кабагыңа конгон Күн-Ай, Карегиңе толгон чырай, Сени шүгүр берген Кудай. Сезимиңди арнап келсең ай, Эркелеген менин эркем ай. Бакытты далай, көрөлү ары карай. Эркелетип эчен курдай, Кылыгыма жүрсөң чыдай, Бактылуу боломун тынбай. Сен болосуң менин шерим ай, Мен болоюн сенин теңиң ай, Сүйүүмдү арнай, жүрөйүн талбай. Кайырма: Ары жагы биздин багыбыздан, Арылалы жалгыз жагыбыздан. Сагыналы ойлоп таңыбыздан, Табылалы дайым жаныбыздан. Көзүбүздү жатка ыйгарбай, Өзүбүздү бекер кыйнабай, Бөлүнбөй, биз күндө, бололу бирге!
  • Айлуу түндө мен жалгыз, Отурамын сени эстеп. Бирге жүргөн күндөрдү, Сагынып жүрөк эңсеп. Унута албай келем мен өзүңдү, Балбылдап жанган кара көзүңдү. Сагындым ошол чексиз күндөрдү, Саргайтпай келчи жүрөктү. Сагындым жаным, сени сагындым, Махабаттын отуна малындым. Арбалып сүйүү отуна жаным, Азаптуу күнгө кабылдым. Азаптуу күнгө кабылдым. Карай берем жолуңду, Келеби деп кайрылып. Ушул бойдон өзүңдөн, Каламбы же айрылып. Кабарыңды айтпадың, Өзүңдү мен таппадым. Унута албай, сыздап ыйладым
  • Жанымдан өтсөң жылмайып Жалт карайм мен да кылчайып Ичтеги сырды айталбай Жүрөсүң айтчы кимди айтып Өзүңдү жакшы көрөмүн Өзгөчө сүйөт жүрөгүм Өрт болуп өмүр өтсө да Сүттөн ак сага тилеймин Ойлорум менен таңатат Ойлорум сени саматат Жыл өткөн сайын жылт этип Жаштыгым өтүп баратат Айттырбай билип сырларын Ардактап жаштык ырларын Алакты кылбай көп эле Аясаң боло жыргалым
  • Жазда келчү жазгы гүлдү, Сагынтып жүрөк дегдеп сүйүп. Туталанып уктай албай, Өткөрөмбү сенсиз жалгыз түндү. Кайырма: Эй жазгы гүл, Ой жазгы гүл, Элесиңди тумар кылып, Тумар кылып тагынамын. Балким сенда мурдагыдай, Келээрсиң мага жылдыз болуп. Ысык-Көлдүн ак-куусундай, Жүрөгүмө батпас сүйүү толуп.
  • Жаз айы, жамгыр басылбай, Жаралуу жүрөк жазылбай. Аскадай булут баскан, Көңүлүм менин ачылбай. Жалганчы жаздын демиби? Азгырып сени кеттиби? Жамгырга мени таштап, Жалооруп карап койбой, Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби? Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей. Көргөнгө сени көзүм зар, Айтайын деген сөзүм бар. Сактаган жүрөгүмдө, Арнаган сага сүйүүм бар. Кантемин сенсиз өмүрдү, Жамгырлуу, муздак көңүлдү? Күнөөлөйм ушул жаздай, Бир көрүп сүйүп калган, Сен деген жаш жүрөгүмдү. Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей.