Казахские песни Узбекские песни

Песня «Unutalbaim»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айлуу түндө мен жалгыз,
Отурамын сени эстеп.
Бирге жүргөн күндөрдү,
Сагынып жүрөк эңсеп.
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.
Карай берем жолуңду,
Келеби деп кайрылып.
Ушул бойдон өзүңдөн,
Каламбы же айрылып.
Кабарыңды айтпадың,
Өзүңдү мен таппадым.
Унута албай, сыздап ыйладым

Другие песни исполнителя:

  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Кайырма: Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Кайырма:
  • Суудай тунук, Сезимимди туйбадың. Сага жанган, Сүйүүмдү сен неге булгадың? Батып кайгыга, Турам азыр да. Соолуп гүлдөй сенин жаныңда. Кайырма: Эми мени кыйнаба, Жалган айтып жагынба. Баары бүттү, баары кеч, Ишенбейм сага! Сенин жалган, Сөздөрүңө алдангам. Жан дүйнөм, Жараланып, сыздап, кыйналган. Кайрылбайм артка, Сени сагынсам да. Болду, ишене албайм бир сага. Кайырма:
  • Сен тартынбай мага карачы, Колуң сунуп колум кармачы. Түбөлүктүү болуп мен менен, Көп кыйнабай менин санаамды. Кайырма: Мен суранам, сенден суранам, Сен кайрылсаң абдан кубанам. Колтукташып сен менен басып, Алкымыңдан ай мен жыттасам. Түшүнбөдүм сенин оюңа, Бере албадың каттын жообун да. Жүрсөң керек сен да кыйналып, Ойго батып сарсанаага. Кайырма: Оо, менин сүйгөнүм, Назира, Жүрөгүмдө жалгыз сен гана. Кармашып колубуз дайыма, Калсынчы, садагам Назира.
  • Ой болуп карайм жүзүңдөн сымбат, Ойноок көз курбум карашың кымбат. Сагыныч эзет сары оору кылып, Өзгөчөм деймин башкадан ылгап. Кайырма: Ооруду жүрөк ок болуп тийген, Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн. Канча жан мага арзыды экен, А бирок сенден башканы сүйбөйм. Сагындым сени үлбүрөп турган, Мажүрүм болуп сүйүүмдү ырдайм. Жол бою өскөн дарактай болуп, Күтүүдөн чарчап жанымды кыйнайм Кайырма: Кыйбасым ойлон кымбатым жандын, Жанымда болуп жалындай жангын Антпесе өмүр боектой өчөт, Өзүңсүз өтсөм арманым арбын.