Казахские песни Узбекские песни

Песня «Назира»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообун да.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып сарсанаага.
Кайырма:
Оо, менин сүйгөнүм, Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира.

Другие песни исполнителя:

  • 1.Баястан : Менин бактым менин жаным болдуң өзүң Бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун Баардык жактан жарашабыз билем жетет менин көзүм Турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем Көңүлүндү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим Жашоомдун бүтүнү болдун менин сулуу келинчегим Үйгө эрте келгим келет, жаным сени көргүм келет Жумуштан бошоп колундан тамак жегим келет Сыноолорду өттук жаным, чын бакытты таптык жаным Улутуна карабаймын суйом сени жаным Нурлан Насип : Сенин маанайынды дайым карайм Бакыт таалайды да акмалайм Сенин таарынтканды жакалайм Менин келинчегим деп калкалайм (2х) 2. Баястан : Коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай Үшүп калсан болуп берем сага ыссык жайдай Сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай Бирге жүрсөк ала тоонун чокусунан тайбайм Бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү Утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү Көздөрүң дайым жайнап эриңдерин жылтырап Чачтарың жазгы гүл болуп дайым мени суктантат Сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей Сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей Түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей Биздин дүйнөбүзгө эми эч кимди киргизбейм Нурлан Насип : Узатаар замат сагынамын сени Бул сапар сага багынамын эми Караныңдан кагыламын мен эми Менин келинчегим деп сени (2х) Сенин маанайыңды дайым карайм Бакыт таалайды да акмалайм Сенин таарынтканды жакалайм Менин келинчегим деп калкалайм (2х) Баястан : Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим. (2х)
  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм Сен деп жаңылып, эми өкүндүм Жалган көздөрүң арман коштогон Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн Жол карап дайым озунуп күткөм Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма:
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти, Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Кайырма: Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың. Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың. Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү. Сагындым жаным, кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди. Кайырма: Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың. Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың.
  • Күлсөң эгер назарыңдан, Күн шооласы чачылат. Күлмүңдөгөн ажарыңдан, Көңүл чери жазылат. Карегиңде бир сырың бар катылган, Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган. Селкинчек сезимдерге күүлөнүп, Сейил куруп жүрөлүк. Сырымды ачык айтсам жашырбай, Сага сүйүүм түбөлүк. Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп, Жанашып биз жүрөлүк. Жан дүйнөм ашыктыкка берилип, Жакшы көрөм түбөлүк. Жылытасың илебиңе, Жалындаган от сындуу. Жакындашып тилегиме, Жаштыкка нур коштуңбу? Бийиктеги махабат жылдызымды, Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?