Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эстедим»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жолуксам сага
Айтам баарысын
Жүрөктүн ошол
Билсең даарысы

Эстедим, эстедим
Кыйнады го кургур махабат

Көрүнбөй калды
Сенден башкасы
Сагынып жүрөм
Сөздүн кыскасы

Эстедим, эстедим
Тынч койбоду кургур махабат
Эстедим, издедим
Кетипсин го жүрөк жаралап.

Эстедим, эстедим
Жүрөк кургур күтөт кыйналат
Эстедим, издедим
Кетипсин го жүрок жаралап
Сөздөрүм бар сага аманат.

Другие песни исполнителя:

  • Сагынтасың мени айылым, Кусалыктан келет ыйлагым Бир күч бар го сага байлаган Бейиш жерим, мекен, турагым Жыл айланбай келем айылга, Сенде калган мөлтүр курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Кайырма: Биздин айыл керемет Сага кай жер тең келет. Качан келсең берет кубат, Биздин айыл жапжаш турак Ага берчи ыйык булак. Биз чоңойдук жигиттик убак, Чуркап келип суу ичкен чулак Балалыгым сенде катылган, Сен болосуң ыйык булак Жыл айланбай барам Аксыга, Сенде калган бала курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Кайырма: Жыл айланбай келем Мукурга, Сенде калган мөлтүр курак. Кылымдарга жол улап, Ага берчи ар убак, Соолубачы ыйык булак. Оюн карак бала элем, Эркелеткен таенем, Алар кеткен менден узап. Жигит эле, акелер чачтарында бүгун бубак. Сен карыба, ыйык булак.
  • Азырынча мен машина кичине, Эки үч адам араң батат ичиме. Эрте болсо мейли, түштө-кечинде, Качан болсо даяр болом ишиме. Кайырма: Чоңойгондо жип болом Билесиңго азыр атым тико Көчөлөрдө арзан такси, тико, Бир бечара байкуш дебе, тико. Матис деген эжем бар, Дамас деген акем бар, А мен болсо балакаймын, тико Бирде жакшы, бирде жаман кездешет Мени неге жети айлык деп тилдешет Ата-Журттум Кореяга кетсемби Япошкалар жаман көрүп тиктешет Кайырма: Шашпагыла жип боломун, Билесиңго азыр атым тико Көчөлөрдө арзан такси, тико, Бир бечара байкуш дебе, тико Дамас деген жеңем бар, Матис деген эжем бар, А мен болсо балакаймын тико. Кайырма: Курдашым тоюпсуңго пивого Белетиң бар шашыласың киного. Көчөлөрдүн баары азыр «пробка» Кечигесиң отурбасаң тикого
  • Ошондо ойго келеби, Мектепти бүтүп кетерим. Кайдасың эми, классташ? Сагынам агай-эжени. Кайырма: Мектебиме келдим, Кайдасыңар, кайдасыңар? Сагындым мен силерди, парталаштар. Жаш көчөт элек тигилген, Уядан учтук бириндей. Убакыт өттү билинбей, Көзгө илинбей. Кайырма: Мектебиме келдим, Кайдасыңар, кайдасыңар? Сагындым мен силерди, парталаштар. Сагындым мен силерди, уялаштар.
  • Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле, Тизмегимде сендей кыздар аз эле. Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай, Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле. Кайырма: Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке бир да жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым… Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан, Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм. Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып, Мүнөзүң бар тамашага таарынган. Кайырма: Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып, Макул болчу жолугууга барайын. Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Тосуп алчы жолугууга барайын… Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке дагы жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым? Макул десең жолугууга барайын…
  • Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген, Мөмөсүн кандай жандар татып жеген? Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп, Кызарып күнгө кошо батып келем. Кайырма: Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса. Бакыттай, бакыттай, Бакыттай сезилет да. Келээрсиң, келээрсиң мага да, Балким жазда. Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген, Жете албай канча жандар өксүп келген. Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп, Мен эми жашап калдым үмүт менен. Кайырма: Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Сүйүүдөй, сүйүүдөй, Сүйүүдөй сезилет да. Келээрсиң, келээрсин мага да, Балким жазда, Негедир ал күндөр, Ал күндөр кечигет да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым тамчылайт да. Кечикпе! Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда, Күтүүдөн жан дүйнөм, Жан дүйнөм жанчылат да. Себелеп, себелеп, Себелеп жамгыр жааса, Менин да көз жашым, Көз жашым куюлат да. Күтөмүн, күтөмүн, Каректер толуп жашка, Негедир ал күндөр келбестей туюлат да. Сизге балким булар жагат?