Казахские песни Узбекские песни

Песня «Табият да күтөт күлкүңдү»
исполнителя Сыймык бейшекеев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арзуу мени багып, жетелеп
Чокуларга эң бийик.
Байлап алды улуу махабат
Айтканына көндүрүп.
Тоодой бакыт тосуп алдыман
Турган кезде толкундап.
Толукталат эле сезимим
Койгонуңда сен күлүп.

Кайырма:
Сага күлгөн кандай жарашат
Аны билээр бекенсиң?
Сулуулугуң артып жылмайсаң
Ыр баркына жетээрсиң.
Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн
Ак куу болуп татына
Коз отумда жашап жылмаю
Дастан болуп кетээрсиң.

Бала үмүтүм сага суктанып
Чертип жатса түркүмүн.
Ак жүзүмө салып сумсаю
Үн кечирүү мүмкүнбү?
Ажарыңды нурга толтуруп
Жадырачы периштем.
Табият да күтүп тургандай
Тамшандырчу күлкүңдү.

Кайырма:
Сага күлгөн кандай жарашат
Аны билээр бекенсиң?
Сулуулугуң артып жылмайсаң
Ыр баркына жетээрсиң.
Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн
Ак куу болуп татына
Коз отумда жашап жылмаю
Дастан болуп кетээрсиң.

Эгер сүйүү болсо зор дайра
Ага өзүң кош колсуң.
Көргүштөгөн оттуу сезимим
Эми кантип токтолсун.
Өзүң үчүн сен да бул тапта
Күлүп жүрчү жаркырап.
Ашыктыка толгон бул ырым
Күлкүң менен коштолсун.

Кайырма:
Сага күлгөн кандай жарашат
Аны билээр бекенсиң?
Сулуулугуң артып жылмайсаң
Ыр баркына жетээрсиң.
Көлдүн бетин тегиз көрктөгөн
Ак куу болуп татына
Коз отумда жашап жылмаю
Дастан болуп кетээрсиң.

Другие песни исполнителя:

  • Шибер бойлоп жалгыз келем ыр ырдай Ширин ойлор бүт денемди бек чырмай Көк шиберде сууну көрүп кош тамчы Шүүдүрүм деп күлүп койдуң шыбырай Шүүдүрүмдөр айткылачы не жашынып жүрдүңөр? Акак таштай мөлтүр тунук кош тамчы Ак сүйүүнүн боло көргүн дабасы Сырымды мен силерге айтып турайын Шыбыраган сөзүңөрдү угайын Шүүдүрүмдөр шыбыраган сөзүңөрдү угайын Учасыңар бууга айланып асманга Кайра эртелеп таң эртеге келгиле Өзүңөрдөй мөлтүрөгөн туптунук Акак сүйүү ала келип бергиле Шүүдүрүмдөр аппак сүйүү ала келип бергиле
  • Асылды ажал сурап көп Аз жашайт деген аырас кеп Жеткен ок менен бир кеттиң Жигиттин гүлү Раатбек. Жүрөккө атың жатталат Жүз жылдар бою даңкталат. Кыргыздын туусун көтөргөн «Кырааным» деген ат калат. Күн бетин тосуп булуттар Күлүңдөп нурдан сыныктар. Күлгүндөй кетти бир баатыр Күйүттүү тагдыр куруп кал. Ай бетин тосуп булуттар Агылып нурдан сыныктар. Азамат кетти күлүстөн Армандуу тагдыр куруп кал. Ак шумкар октон кулатып Ала-Тоо башы мунарык Ак шумкар орду бош калды Ажалдуу өлүм шум алып Тойбодуң октон куланып Тууган жер ыйлап мунарып Айласыз жоктоп калышты Атпай журт сыздап муң агып Кайкып бир учкан каркыра Кайрылбайт эми артына Жетинин бири болсоң да Жете албай койдум баркыңа Ар намыс үчүн күрөшкөн Алгыр куш учту түнөктөн Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн. Эскерип калдык эми биз Элесин көрүп сүрөттөн.
  • Билинбестен мезгилдердин сынагы, Билбейм качан, кайсы жолдон сурады. Жетип келип, колдон алды байкатпай, Алыкулдун ак боз атчан курагы. Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш, Кечээ гана турдум эле тосуп жаз. Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка, Алыкулдун ак боз минген отуз жаш. Өмүр, чиркин, суудай экен агылган, Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган. Алды кызык, арты өкүнүч сезилип, Жаштык күндөр жазда калып сагынган. Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да, Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда. Канча жашоо буюрганын ким билет, Калгым келет жашыл жаздын айлында. Жаштыгымды омуроолоп качырып, Туягынан даңкандары чачылып. Алыстарга ала качат ак боз ат, Отуз жаштын тоолорунан ашырып. Кечээ эле тиги кырда жок элең, Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?
  • Эңсеген карлыгачым, Эсимден тандырасың. Бактымдай махабатым, Багынтып алдабачы. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Күлкүңдүн шыңк эткени, Жүрөгүм зырп эткени. Үлбүрөп карап койсоң, Үмүтүм жылт эткени. Кайырма: Шурум, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым… Көзүмдүн карасындай, Көңүлдүн дабасындай. Жүзүңдү көргүм келет, Жүрөктө санаам тынбай. Кайырма: Шуру, шурудайым, Сага ырдайын. Сезим алоолонот, Мендик болчу дайым. Шурум, шурудайым…
  • Ким элек ким болдук деп, Суроонун жообун издеп, Аскадай абийир болсо, Алдыкпы аны түздөп Аска-зоо намыс урап, Ала-Тоом ыйлап турат Ушул күнгө жеткиргендер, Береби элге сурак. Арман ай кыргыз элим Айласын таппай турат Үй-бүлө багабыз деп, Үшкүрүп бакыт издеп Жүрүшөт башка өлкөдө Бир эмес миңдеп, жүздөп Алыскы сапардагы Бир тууган боорум кыргыз Таң берем кайратыңа, Ийилгиз такыр сынгыз Күн билет кыйналганын Ай гүлү, күбө жылдыз Эр Манас тукумдары Ээрчишип закымдады Күн санап кеткендердин Аягы басылбады Чоңдорүң кооз сүйлөп Чокчоңдоп бакылдады Күнугө жүз айтышат Жакшы күн жакын калды Эл ишенбей калганына Жетпеди акылдары Абийирди жоготтук го Табабыз кайдан алып Аксымдар сүйлөшөт го Асмандан айды алып Тим койсок жерди бүтүн Жутушат чайнап алып Түшүнчу бир тууганым Булар кетишет пайдаланып Арбактар кечиргиле Биз кеттик майдаланып Жакшы күн сөзсүз келет Жабыркап чөмүлбөгүн Көрбөйүн укпайынчы Кабыргаң сөгүлгөнүн Башка элге уят болуп Бечара көрүнбөгүн Бир тууган боорум кыргыз Бириндеп бөлүнбөгүн Жараткан кечирбейт го Эми кан төгүлгөнүң Кыргызым качан кайдан Акчага сатылчу эле Түндүксүн сен түштүк деп Бир-бирин басынтчу эле Жакшысын даңазалап Жаманын жашырчу эле Жабыркап калса бири Жардамга шашылчу эле Ушундай ынтымакта Жашасак болбойт неге Депутаттык керек эмес Бир бүтүн мекен керек Ажолук керек эмес Урпагым эсен керек Журтташып ойлонолу Биз эмне курал белек Болбогон акча үчүн Ар кимге болдук желек Кудайдан корколучу Болбойлу мерез сенек Энелер ынтымактын Эшиги болуп келген Терметип ырыскынын Бешиги болуп келген Кээбир аялдар ажаандыгы Тирүулөй бизди сойду Сен Чүйлүк Оштуксуң деп Ынтымак такыр жойду Аттиң ай араңардан Бир Каныкей чыкпай койду Сөз өтөр салабаттуу Курманжан чыкпай койду Элеси канча өтсө да Эсимден кетпей турат Насаатын элге айтканга Бир Чыңгыз жетпей турат Ким болдук биз ким элек Улуу журт урпак элек Бириндеп жоголбойлу Бизге азыр Манас керек Шору көп кыргызым ай Ушундай болот белек Уул кызды ойлойлучу Ынтымак бизге керек Аталар сактап келген Мекенди ойлон кыргыз Аздектеп бапестеген Энени ойлон кыргыз Тирүулүк бейишиңдей Жериңди сакта кыргыз Бирөөнүн бийлиги үчүн Элиңди атпа кыргыз Коңшулар сынап турат Бүт дүйнө турат карап Бир-биринсакта кыргыз Жаманын жашыр бекит Жакшыга мактан кыргыз Жаманын жогот бекит Жакшыга мактан кыргыз Кыргыз