Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айсулуу»
исполнителя Нурмат Садыров.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сени таптым менин сүйүктүүм,
Көп издеп, азапка салдың кайра эле.
Менин бактым эми ким үчүн жалындайт?
Жана албай, жалганда жалгыздай,
Күтөмүн жолуң карай, о-о-о.
Кайырма:
Айсулуу аярлуум элең,
Жүрөктү эзген.
Айсулуу калды так сенден,
Калды так сенден…
Мейли кеттиң мени унуттуң мөлтүрөп,
Аябаган каректер.
Сенин барың менин үмүтүм, сагынам,
Санаам тынбай, сабалаган куштай
Күтөмүн жолуң карай, о-о-о.
Кайырма
Жүрөмүн чыдап кыйналган күн өттү,
Сыздатпа жүрөктү сен.
Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Керме каштуу селкилерге сунуп урматын, «Кыргыз кыз» деп жар салат ырчы Нурматың. Жыгылсам таяган, жалооруп аяган, Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым. Кайырма: Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы, Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады? Ажары ченелбес, айга да теңелбес, Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары. Каректери таң сыяктуу атса кылайып, Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып. Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган, Кыргыздын бир кызы мага ылайык… Кайырма: Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым, Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын. Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү, Апама алпарып келин кылайын. Кайырма:
  • Биз барганда ээрчишип Айгүл тоого, Ай тийиптир эми эле аркы зоого. Ай алдында шамалга ыргалышат, Айга тосуп жүздөрүн өйдө боло. Кайырма: Айгүл гүлү өзүңдөй ачылыптыр, Ар бир сабы мончоктой гүлгө толо. Ааламдагы гүлдөрдүн ханышасы, Арнагым бар өзүңө ырга кошо. Айгүл дагы бизге окшоп сагынгандыр, Мээрим чачкан асманда жылдыз толо. Жоодураган көздөрүң гүлдөй жайнайт, Менин колум белиңе оролгондо. Кайырма: Биз өткөргөн кадыр түн Айгүл тоодо, Биринчи эмес миң ирет дагы болсо. Берер элем өмүрдү өзүң үчүн, Айгүлүмдөй тунугум керек болсо. Кайырма:
  • Жүрөктү сууруп алдың, Жашоомду буруп алдың. Тартылып сыйкырыңа, Туруп калдым. Каректе күйүп кеттиң, Каныма кирип кеттиң. Күмүштөй шыңгыр этип, Күлүп өттүң. КАЙЫРМА: Сенин жүзүңдөгү сулуу меңиң, Сүйүүмдү козгоп менин, “Сүйөмүн” дедим. Сенин анар сымал бышкан эрдиң, Сезимимди козгоп менин, “Секетим”- дедим. Алтыны ашык жандын, Асманда басып калдым. Көзүңө бир жалт карап, Катып калдым. Балыктай туйладың го, Байкеңди кыйнадың го. Тутанган махабатым, Туйбадың го…
  • Ак жамгырда сени издедим, Жаным, үнүң угулат. Көздөрүңө байланганмын, Көргүм келет ар убак… Ыйлаба, жүрөк, Өкүнгөн менен пайда жок. Ыза толгон күйүтүм бар, Сен сезбейсиң, а бирок… Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт, Азыр жол таппай адашып жүрөт. Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт, Өмүрүн арнаган жан… Эсиңдеби эркем менин, Эң алгачкы сезимдер? Мезгилинде гүлүн ачкан Жаным деген эриндер…
  • Уктабай ар таңда уйкуңду жегизген, Үмүтүңдү актар бекем мен. Агарган чачыңдын ар талына карызмын, Апакем менин парызым. Кайырма: Оой, картайба көп жаша, Аай, жан апа. Оой, байлыгым апакем Аай, баары сен. Оорубай аман жүр, ак жүрөк апакем. Сүйүнтүп чыксаң дейм жүзгө. Жыргалың басканда жыттап, жыттап тайтайлап. Мээримиң чексиз апакем. Кайырма: