Казахские песни Узбекские песни

Бегиш.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Бегиш

  • Сенин жумшак эриндериңди өпкүлөп, Бул дүйнөнүн ырахатын айтчы чөмүлөм. Болсом деймин сени менен көбүрөөк. Ишенчи жаным мен сенден бөлүнбөйм. Сени менен өткөргөн ар бир убакытка кубанам, Жок сен ойлобо ойнойт деп мен сенден суранам. Билбейм эмнеге мен сага ушунчалык жакынмын Бүт көз ирмем сен жок мен эми жүрө албайм. Ортобузда бир сүйүү бир махабат Бул ыр менен менин сүйүүм сага арналат Бишкекте жүрүп балдар сага көз салышып Менин кызгануум ал балдарга жаралат. Ойлонтосуң сен мени, уктабайм түн бою Сенде менин оюм, жагат келбетиң боюң Сени менен түбөлүк болсом өмүр бою Сенин кызуу махабатыңа ар дайым тоюп, Кара-тору сулуу кыз, Бир көргөндө жагып калдыңыз Мен сизди унута албаймын. Жүрөгүмө куса салбаңыз Мен өзүмдү жакшы бала деп айтпаймын, Эч кимге мактанбаймын, жамандан сактанамын Кез-кезде эс алып ойношуп коемун. Сен көңүл бурба, сени эч кимге алмаштырбаймын Билип жүр ар дайым, билип жүр ардагым Мен жаман иштерден абдан тажадым Калган өмүрүм ата-эне, жанымда балдарым Болсоң сулуу келишкен сен өмүрлүк жубайым Өткөрөлү өмүрдү бирге экөөбүз ажырашпай Жаман жакшы айтышпай, жамандык менен кагышпай Сен мага жабышсаң мен сенден алыстабайм Билем, ишенем мен сен бар жалгыз калбайм Мына ушундай ырлар менен мен өз сүйүүмдү билдирем Ысымынын баш тамгасы «Н» силер билгиле Биринчи жолу жаңы кар астында тизелеп, Бул кыргыз серенадасын белек катары берем Кара-тору сулуу кыз, Бир көргөндө жагып калдыңыз Мен сизди унута албаймын. Жүрөгүмө куса салбаңыз Бактылуу каармандар Кинодой армандай Жабышып калгандай Жалгыздык жалгандай Бир сүйүү, бир махабат Бул ырлар дүйнөгө таралар Жүрөктү өрттөнтүп сүйүнтүп Укмуштуу махабат жаралат
  • Жашагым келет жашагым Эгер өтпөсө жаштары Күбө болушуп каштарым Калат көзүмдөн жаш агып Жашагым келет жашагым Көрбөсөм жашын апамын Өлбөсө адам баласы Бир ушуга мен капамын Согуш болот согуш бүтөт Канча адам кыйналат Жер көчкүдө калган сымал Жер астында кыйралат Адам уруп- согуп майып кылып Коркутуп эмес Адам жардам берип Мээрим төгүп сыйланат Жердин боору суук терең катат Карды тойбойт Жер үстүндө жүргөндөрдү Жалгыз адам ойлойт Жараткандын түз жолунан буруп Бизди азгырып Арам кылып бул жашоону Жалгыз шайтан ойнойт Көрүп туруп көрбөдүм деп Басып алып кетпейли Көр болобуз бир күнү Биз досум ага жетпейли Бир жакадан баш чыгарып Бир жеңден кол деп айткан Манас ата урпактары Бекем сактап эстейли Убакыт бул зымыраган Кооз кушка тең дейт Убакытты миң кубалаган Дагы ага жетпейт Убагында сыйлай жүрсөк эгер Керемет болоор Убалына калбайлы биз билсең Убал тепсейт Болсун жер астында алтын Жер үстүндө калкым Тескери болгондон тартып Азап артат жалпы Кез келип унутулууда Ата-баба салты Эскерүү катары жаздым Мен ушундай сапты Жакпайт эч бир Жанга аябаган өлүм Ыйлап ыйлап калат экенбиз Жаш агызып төгүп Эркектин кайратын кара Кабырына көмүп аял заты деле калат Убакыт өтсө көнүп Кемибесин эч бир жамаат Кемибесин уул-кыз Кемибесин эч бир улут Кемибесин кыргыз Түбөлүмүн деп ойлобо Түбөлүк бир Аллах Жада калса Очкөн Чынгыз Өчөт экен жылдыз Күндүн нуру жарык тийип Турса кандай экен Гүлдүн жыты жыпар чыгып Турса болбой соңу Доллар эмес бриллиант эмес Экен эмес сомуң Тынчтык экен жакшылыктын Эн эле бир чоңу
  • Жарык келечек тандайм десең Жаштар бөлүнбөгүлө кел бир бол Өнүккөн өлкөдө жашайм десең Бир жакадан баш бир жеңден кол Алга басууга бар экен бир жол Бөлүнбөйлү бир тууганым бир бол Келечек жаштардын колунда Жаңы муун адилеттин жолунда Кантип кантип деген суроолордун Бир болуп анык жообун тап Акыйкат үчүн колуң чап Калп айткандардын оозун жап Элиңдин мээнетин жегенди Убакыт өзү ылгайт бат Жетишет бизге кыйноолор Калп эле тарткан кинодой Калп айтып жаткан башчылар Мас кылган арам винодой Жетишет бизге бир долбоор Түз жолдун ийзин тапканга Жетишет бизден кыйноолор Камалып калат капканда Кыргызымдын тагдырына жамгыр төгүп жаткандай Күндүн нуру алыс болуп алыстарга баткандай Шайтан менен кол алышып ыймандарын саткандай Чатыры жок эл журтумдун жеп жатышат каткан нан Билимдүүлөр чет өлкөдөн жылуу уя тапкандай Билимсизди бир бөлмөдө караңгылап жапкандай Учур менен пайдаланып чоңдор акча каткандай Кедейлердин жашы менен козу кошо аккандай
  • Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин, Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин. Эгер тоскоол болсо нота тийбегин, Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги. Мейли чечилсин жылуу кийимдериң, Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң. Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң, Учсун бийик ала кийим биздеги. Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө, Кош келгин биздин чыгыш жомокко! Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл, Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү. Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша, Келгилечи бул жомокко көчөлү. Балдар бийлеп айланат, Кооз бизде айлана. Аттап кирип босогону, Көп кишилер байланат. Мейли жарык өчөбү, Таппай калып көчөнү. Биздин үйгө кирип сен, Көрүп кет өзгөчөлүү. Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө. Сурайт элдер даректерди, “Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп. Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет. Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп, “Жолу бар экенби?”, -деп. Сурайт элдер даректерди, “Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп. Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет. Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп, “Жолу бар экенби?”, -деп. Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат, Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң. Кош келгин биздин чыгыш жомокко!
  • Эгер таштандыны жерге таштап кетип калса Сенин калдыгыңды тазалыктан байке алса Анда сендей кыргыз эмес сен үчүн кыйналса бирөө Анда сендей кыргыз эмес кыргыз деп сокпойт экен жүрөк Машинаңдын айнегиңден тамекини чертсең Тазалыкты сакта деген белгини козгө албай Андай элдер кыргыз эмес Кыргызстандан кетсин Андай элдер кыргыз эмес таштандыка жетсин Өзүн ураттаган адам айланасын таза кармайт Артынан таштанды калбайт Сүйөт жерин көрөт балдай Мен дагы ошол инсанды тандайм Суктанып көңүлүмдү арнайм Ишенемин күчүн албайт Жаштарга жүрөлү арнап Кайырма: Сен таза мен таза таза жашоо Күтөт бизди таза жол Эл таза жер таза таза жашоо Таза аба таза бийик тоо Бизге калган ата-бабалардан Жерди урпактарга өткөрүп беребиз унутпай Эл таза таза жаша Таза таза таза таза таза ойду жасап Тазалыкты сактабастан ден -соолукка азап Таза болсоң арыктарың бакчаңа суу агат Таза жашоо негизинен бүт баарына жагат Таза үйүң таза Чүйүң таза Бишкек таза сүйүү Таза болот эртең эгер таза болсоң бүгүн Таза жүрөк таза ниет таза бермет Ысык -Көлүм Алтын кумум таза болсо жыргап кыргыз көлгө чөмүл Кыргызстаным жылтыраган шаар болсо Бийик көңүл балит жана таштандыдан алыстап көлүм Бүгүн ишенбилике чыгып калышты көбү Эринбе кыргызым тазалангын өнүгөбүз Эли үчүн кызмат кылган Уулдарың жашасын Тазалыкты сактай билсең Бийиктерди ашасың Ден-соолуктун ачкычы Таза жашоо таза жашоо
  • Бул эки жүрөк махабаты, Бул сырлар алар жүргөн катып, Кайталап улам, сактап жүрөгүндө атын. Ойлоп түнү бою уктабастан ойго жатып. Күн өтүп бүгүн калдым кезигип, Чырайың баштагыдай сезилип. Жанга жагымдуу, айтам арзуумду, Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң. Өзгөрбөй татынасың дагы эле, Өткөн күн болгонсуду жаңы эле. Жанга жагымдуу, айтам арзуумду, Жылмаюуң, күлгөнүң, сүйкүм жүргөнүң. Кайырма: Сенде махабат, өчпөдү менде махабат, Тартылам сага жүрөктөн сүйүү арнап, сүйүү арнап. Сага арнап карабадым башканы, Жалгыз сен жүрөгүмдүн тапканы. Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң, Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң. Алдабайм, ишенип кой сезимге, Жагасың, сени бербейм эч кимге. Кара көздөрүң, жылуу сөздөрүң, Каратып, саматып кооздоп күлгөнүң. Кайырма: Бир сен бар болуп, мен сага зар болуп, Экөөбүз бирге болгон кезде бул дүйнө тар болуп. Эгиз жүрөк сенде жүрөт, алыс болсоң калам жүдөп, Бир өзүңсүз өтпөйт мүнөт, табылбас го сендей түгөй. Ойнобоймун оюнду, түшүн менин оюмду, Менин бактым сенсиң, калган күмөндөр жоюлду. Жалгыз өзүң керексиң, бир сүзөлү сүйүү кемесин, Жараткандан белексиң, балдарымдын болчу энеси! Кайырма:
  • Эмнеге жаралганбыз кыйналууга Өткөрүп күндөрдү биз ыйлап ыйлап Жашоо бул оңой эмес сыноо экен Адамга жоопкерчилик ыйгарылган Чоңоюп жетилебиз баарыбыз тең Бирок чоңоюуда барбы экен бир муштум жем Он сегиз ала тоонун шамалында Жыйырма тогуз согуп турат бир салкын жел Отуз беш сен келесиң күтпөй эле Убакыт адамзатка түтпөй эле Кылууга жумуштарың бүтпөй эле Өмүрүң өтүп кетет түртпөй эле Элүү жаш так ортосу бул узак жолдун Сен азыр көптү көрдүн,эске толдуң Үйрөтүп коюу менен алек болгун Муктажга керектүүсүн берип койгун Өлөбүз баарыбыз тең эртең эле Табылат ииздегениң жер тегерек Же барктап жашадык биз же тебелеп Өмүрдө аманчылык жетээр эле Кайырма: Эмнеге жаралганбыз кыйналууга Өткөрүп күндөрдү биз ыйлап ыйлап Жашоо бул оңой эмес сыноо экен Адамга жоопкерчилик ыйгарылган Играй мои проводы холодом, На трубке голос из олово. Как же мы все были молоды, Где наши головы, кто же нас балует голодом? Вся рана колота, Время нас испытает молотом. Но мы выпросим шёпотом золото, Что же нам мерить все поводом?! сорваны проводы, вот и нет сети! куда мы летим? Почему то хуже аппетит! И нам тут не по пути, как бы я тут ни крутил. Нам бы выход с копоти, Но мы не туда летим! Года не остановить, Ни уехать, не уплыть. Эти дни — не место ныть, Пусть даже тут две стены. Истина и лести нет! Концовка одна и нам туда билет, Каждый имеет свой шкаф, У каждого в нем свой скелет.