Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кимди суйосуз»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Адаштырып мени ар качан,
Азаптаптарга жаным салбасаң.
Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы,
Өмүрүмдун бүтүн эй, өмүрүмдүн бүтүн ий
Өмүрүмдүн баарын сизге арнасам.

Карындаш кимди сүйөсүң ээй?
Сизди гана.
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүң?
Сиздеп гана.
Кара жаным карандай жаным,
Анда алып качпа көздөрүң,
Бери кара, мени кара, бери кара эээээй

Сиз турмушта мени төктүрбөй
Сактап калдыңыз мени чөктүрбөй.
Карагым кантип жазылам өзүңө
Капырай качып иий, капырай качып иий
Капырай качып жүрсөн өптүрбөй, эээээй

Агажан кимди сүйөсүз ээй?
Сени гана
Чынын айтчы кимдеп жүрөсүз?
Сендеп гана
Кара жаным, карандай жаным
Анда алып качпа көздөрүң
Бери кара, бери кара, бери кара эээй

Күлкүм кетип күзгө өңдөшөм
Күйүтүмө көңүл бөлбөсөң.
Ишенем кантип курулай сөздөргө
Көзүңүздү сиздин ээй, көзүңүздү сиздин ээй Көзүңүздү сиздин сүйүп көрбөсөм

Другие песни исполнителя:

  • Кай күнү, кай мезгилде карабайын, Шаттанам келбетиңе баладайым. Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Жаныма дары арча, карагайың. Кайырма: Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн, Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн. Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан, Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн. Кең жазда термеген ырларыңды, Жуткандай боломун мен булагыңды. Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Комузуң кандырат го кумарымды. Кайырма: Аруу таң, ай нуруңан туулганмын, Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын. Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан, Мен сенин таалайыңа туулганмын. Кайырма: Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң, Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң, Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң. Кайырма: Желпилдеп желкеге чач тараганмын, Көңүлүм күзгү кылып караганмын. Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан, Мен сенин бакытыңа, Мен сенин бакытыңа жаралганмын.
  • Эс алып Беш-Таш, Таластан, Келе жатып жолдон адашкам. Тагдырлар болуп кайчылаш, Жолукту мага Тараздан. Керемет көз дедим, көз дедим, Дароо эле өзү дедим, өзү дедим. Сүйлөсө көкөлөдү көңүлүм да, Бал ширин сөзү дедим, сөзү дедим. Кайырма: Казак кыз, аты — Сауле, Мойнунда калы бар эле. Ага окшош кызды таппай жүрөм, Тандап, тандап дагы эле. Күлгөнү көркөм жаз эле, Мүнөзү жибек, наз эле. Айтор, бир башка, өзгөчө бир жан эле, Ай, Сауле, эх, Сауле. Биз жүрдүк ойноп тамаша, Кыналып сезим жанаша. Бөлүнсөк эки көз ирмем, Сагынып кайра самаша. Көңүлүң бөлөм дедиң, бөлөм дедиң, Болбосо көрөм дедиң, көрөм дедиң. Ээрчишип эгер кетсе мени менен, Ошондо өбөм дедим, өбөм дедим. Кайырма:
  • Күмүш, алтын жалбырактуу жаз күнүм Күлүп койсоң, күнүң чыгат наз гүлүм. Уяң карап жаш кезиңде жүрчү элең Уялбастан ошол катты жаз бүгүн. Таппадым мен сага теңдеш эч гүлүм Бир өткөн жок сени эстебей иш күнүм. Жашырынып көзүң ала каччу элең Жаным ошол сыр түйүнүн чеч бүгүн. Кайырма: Бир учалык улуу тоонун кушундай. Гулдестени терип мөңгү музундай. Экөөбүздү ажыратып бир кошкон Демек, жаным биздин тагдыр ушундай Жаным биздин тагдыр ушундай. Жаралгандай жалгыз мага, ай күнүм Жаркылдайсың, бубактайсың, ай гүлүм. Көңүлүңдү түйө байлап жүрчү элең Көкүрөккө чачтарыңды жай бүгүн. Суусагандыр буулуккандыр бак гүлү Сапырылсын сезимдериң чач бүгүн. Көрүнбөгүн сагынычтын берейин Көшөгөңдү көөдөнүмө ач бүгүн. Кайырма:
  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.