Казахские песни Узбекские песни

Песня «Баары бизге суктанат»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тандап тандап арасынан гүлдөрдүн
Эң сулуусун сага алып келип жүргөнмүн
Небере деп мээрим төккөн жубайым
Ушул деги уйкусуз түндөрдүн
Ата катары менин да бактым бар
Ал күндөрдү сени менен бир көрдүм

Кайырма :

Карап карап туш тарап
Баары бизге суктанат
Уул-кыздарың асмандагы куш-канат
Карап карап чач тарап
Неберелер ыр арнап
Ойноп жүрөт колдоруна кут кармап

Убактыбыз көп болчудай эбегей
Урдаттыкпы учту мезгил жебедей
Жаратканым жалгап биздин бүлөнү
Көз тийбесин тегиз болсун телегей
Ак элечек оронупсуң жубайым
Маган дагы жараштыбы тебетей

Другие песни исполнителя:

  • Кай күнү, кай мезгилде карабайын, Шаттанам келбетиңе баладайым. Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Жаныма дары арча, карагайың. Кайырма: Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн, Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн. Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан, Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн. Кең жазда термеген ырларыңды, Жуткандай боломун мен булагыңды. Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Комузуң кандырат го кумарымды. Кайырма: Аруу таң, ай нуруңан туулганмын, Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын. Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан, Мен сенин таалайыңа туулганмын. Кайырма: Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң, Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң, Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан, Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң. Кайырма: Желпилдеп желкеге чач тараганмын, Көңүлүм күзгү кылып караганмын. Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан, Мен сенин бакытыңа, Мен сенин бакытыңа жаралганмын.