Казахские песни Узбекские песни

Песня «Базарчыга пул дүйнө»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир карасаң бир дүйнө, бир карасаң түр дүйнө.
Ыр түбүнө жетпеген, баарыбызга бир дүйнө
Багы жокко кур дүйнө, базарчыга пул дүйнө
Сабаты жок калганың, самсаалаган кул дүйнө

Кийизчиге кыл дүйнө, кыз-жигитке сыр дүйнө
Алыкулду пир туткан, акындарга ыр дүйнө
Ич күйдүгө туз дүйнө, үйү жокко сыз дүйнө
Күн-түн көчө таптаган, бойдокторго кыз дүйнө

Молдокеге дин дүйнө, жеңилдерге чын дүйнө
Көр оокатка көмүлгөн, баарыбирге түн дүйнө
Көпөстөргө той дүйнө, малы жокко кой дүйнө
Бийиктикти эңсеген, кыскаларга бой дүйнө

Карыларга жаш дүйнө, сулууларга каш дүйнө
Кессе каны чыкпаган, битирлерге таш дүйнө
Дудуктарга сөз дүйнө, азиздерге көз дүйнө
Эл кадырын унуткан, өзүмчүлгө өз дүйнө
Мергенчиге өр дүйнө, бийликчиге төр дүйнө
Куран сообу окулган, маркумдарга көр дүйнө

Соодагерге кел дүйнө, кетменчиге бел дүйнө
Намыс үчүн бек турган, эр жигитке эл дүйнө
Баласызга зар дүйнө, ак көңүлгө бар дүйнө
Күйүп-күлүп сүйлөгөн, көрө албаска тар дүйнө

Сыйлабаска сен дүйнө, көпкөндөргө мен дүйнө
Кыргыз элин тааныткан, Чынгыз эрге кең дүйнө
Жаш балага кант дүйнө, досчулукка ант дүйнө
Сүйүп-күтүп жүргөнгө, жазындагы март дүйнө

Аксакалга ак дүйнө, аялдарга бак дүйнө
Адам баркын түшүнгөн, акылманга жат дүйнө
Ушшакчыга тил дүйнө, окуучуга бил дүйнө
Кусур жутуп албаган, шылуундарга ил дүйнө

Кемпирлерге сүт дүйнө, өрмөчүгө күт дүйнө
Күн-түн дебей иштеген, милицияга түт дүйнө
Илимдүүгө ой дүйнө, касапчыга сой дүйнө
Күндө эртең кел деген, кызматчыга жой дүйнө

Оройлукка суз дүйнө, сүрөтчүгө түс дүйнө
Жөжө санаар кез келет, саясатка күз дүйнө
Чабактарга көл дүйнө, чабандарга төл дүйнө
Эрте башын жазбаган, алкаштарга ал дүйнө

Куудулдарга тың дүйнө, ит кыялга үр дүйнө
Ала жипти аттаган, келиндерге жүр дүйнө
Жөө күлүккө тер дүйнө, жесирлерге эр дүйнө
Кечке сыздап отурган, кайырчыга бер дүйнө

Сүйүшкөнгө гүл дүйнө, багбанчыга түр дүйнө
Өз оюна ээ эмес, коркокторго сүр дүйнө
Уйкучуга түш дүйнө, студентке түш дүйнө
Бар атасын тааныбас, зөөкүрлөргө күч дүйнө

Дыйкандарга суу дүйнө, алдамчыга пул дүйнө
Колго курал кармаган, жоокерлерге туу дүйнө
Дүкөнчүгө сат дүйнө, бекерчиге сак дүйнө
Кырса эми кургабас, шайлообекке сак дүйнө

Усталарга так дүйнө, сагынганга кат дүйнө
Ыры менен бийлеген, Айчүрөккө шат дүйнө,
Кош бойлууга ай дүйнө, шоопурларга май дүйнө
Ак куу сүзүп ойногон, Ысык-Көлгө жай дүйнө
Уурулукка түн дүйнө, ырчыларга үн дүйнө
Салтты бийик сактаган, кыргыздарга күн дүйнө

Намыс, уят, ар болсун, жок дебейли бар болсун
Жаныбызда биз сүйгөн, бизди сүйгөн жар болсун
Тынчы жок жер жер эмес, ырчы жок эл эл эмес
Ыйман толсун пейилге, ырлар болсун кем эмес

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү, обону Бек Борбиев Мен сени сагынамын Экөөбүз эки башка Мен сени ойлой берем Билбеймин дагы канча Түнөрүп күн батканча Түрүлүп таң атканча Мен сени сагынамын Билбеймин дагы канча Кайырма: Күз келгенде учушпайт көпөлөктөр Жаздагыдай гүл байлап канатына Махабаттын кышына көнөлектер Бурганакта жол издейт бакытына А биз болсо бөлүнүп эки жакта Жолдорубуз кайчылаш эки башка Жомогубуз өзгөргөн эми башка Сен дагы сагынарсың Көп жакшы күндөр өткөн Ичинден сызыларсың Уктатпай түндөр өктөм Күтөөрсүн сен да көктөм Жамгырды жаба төккөн Издейбиз сезимдердин, калган изин Күнөөсүз көпөлөктөн
  • 50 жаш, келдиңби? келген болсоң бери бас. Демиткен, туйлаган боз жоргомдун демин бас. Эй демин бас. 50 жаш, төгүлгөн көз жашымды күтпөгүн. Кучактап, жайдары тосуп алам керип каш. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка алдырсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш 50 жаш, билчүмүн алыс жакта бардыгын. А бирок, туйбапмын ылдамдыгын шардыгың. Эй шардыгың. 50 жаш, алдастап шашып калдым чынында. Анткени билдим мен убакыттын тардыгын. Эй тардыгын. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка агылсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш Таяп бир койчу 50
  • Жайлоонун төрү кенен, Өрдөсө өрү кенен. Өзөндү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Шаарымдын өзү кенен, Аралайт сүйүү деген. Көчөнү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат.