Казахские песни Узбекские песни

Туголбай Казаков.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Туголбай Казаков

  • Эмненидир мен сага арноом керек, Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир. Ал күндөргө кайрадан баргым келет, Эмненидир мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук, экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек, Барбы алдыда кездешүү, эч ким билбейт. Ошол түндө түбөлүк калгым келет, Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук, экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек, Качандыр бир кездерде жолугам деп. Ушул ырды жакшы деп арноом керек, Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек. Кайырма: Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын? Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдымдан шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төктү. Ошол күнүм кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эске түшөт, Туңгуч сүйүү унутулбай
  • Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?..
  • Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалык добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком албаймын комузумду. Кайырма: Жок, жок менин уккум келет башкача үндү, Жазгырбас жарыгына ишеничтүү. Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү, Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. Коштоор элем мукамдуу батына албайм, Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм. Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр, Сагынычтан, кусадан алсыраган.