Казахские песни Узбекские песни

Старинные азербайджанские песни.
Страница 3

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Старинные

  • Он сегиз жаш, Тоодо тунук булак белең? Болбосо андан учкан бубак белең? Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги? Адашып айлыңды мен сурап келем. Он сегиз жаш, Жайдын жарык таңы белең? Болбосо боз туйгундун шамы белең? Бир жолу кайрылбастай тамшандырган, Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең? Он сегиз жаш, Күндө беле сенин серең? Болбосо жүрөгүмдүн тең белең. Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын, Өткөргөн өмүрүмдү сени менен. Тарынбачы жүрөгүмдүн төрүндөсүң.
  • Бабалардын намысындай, Көөдөн керип талаа жатат. Азоо өзөн агышындай, Жылдар өтүп бара жатат. Кайырма: Канат кагып учкан уям, Туулган айылым. Мен кай жакта жүрсөм дагы, Сени ойлодум, туулган элим. Кайда, кайда жүрсөм дагы, Сени ойлодум, туулган элим. Ойго залкар күү келгендей, Алып учат бала кыял. Ала-Тоого таянгандай, Таянамым, элим, сага. Тоолоруңа теңешемин, Тоого карай жүрүп келем. Сенин жаркын келечегиң, Болсом деген үмүт менен. Кайырма:
  • Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки мүнөз уяң өскөн баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз гүлдүү бакты аралай. Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан, Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан. Аппагыңды көрүп алчы дегенсип, Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган. Жарк дегенде неге сени карадым, Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың. Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп, Ошондо мен чагылганды самадым. Басылганча туралы деп кичине, Баш катабыз бир күрмөнүн ичине. Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
  • Сыртына барып айылдын, Сырдашкан чакты сагындым. Түгөнбөй сырдын түйүнү, Түбүндө аппак кайыңдын. Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Ах сүйүү, сенин көзүң жок. Жылдызын көктөн каратып, Жылмайып тоодон таң атып. Кадыр түн тоскон кездер, ай, Кай жакта калдың адашып? Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Айтылган сөзгө турбаган Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Айтылган таттуу ант калып, Жүрөктөн кетпес так калып. Сен кеттиң кайра кайрылбай, Мен турам көзгө жаш алып. Кайырма: Ал кайың турат, өзүң жок, Андагы айткан сөзүң жок. Арзыган жарга кошпогон, Эх сүйүү, сенин көзүң жок. Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
  • Асман көктө чалкыган, жериң сонун Ала –Тоо, Ата-журтуу акылман, элиң сонун Ала –Тоо. Аркар, кулжа жайнаган, төрүң сонун Ала –Тоо, Ак-куу сүзүп калкыган, көлүң сонун Ала –Тоо. Эркин кыргыз элине, энчи болгон Ала –Тоо, Эгемендүү жерине, кечи болгон Ала –Тоо. Каркырадай жебесин созо жүрөт Ала –Тоо, Кайда жүрсөм элесиң, кошо жүрөт Ала –Тоо. Түркүн гүлү жайнаган, түрүң сонун саймадан, Гүл зарыңда түрдүү куш, күн, түн тынбай сайраган. Карегимди толтуруп карай берем кайрадан, Кагылайын Ала –Тоо, караныңдан айланам.
  • Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдыдан шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төккөн, Ошол күнүм кайда кеткен? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эскерербиз, Алгач сүйүү унутулбай. Кайырма:
  • Асман бүркөк, асман сырдуу көрүнсө, Дарактардан жалбырактар төгүлсө. Тынчы кетип, бугу толгон көңүлүм, Булуттардай уйгу-туйгу бөлүнсө. Мен сени эстеп, тартып санаа-убайым, Күн бүркөлбөй, мен бүркөлгөн убагым. Терезеңди жалбырактар аймалап, Терезеңден жалдыраса ай карап. Терезеңди черте качат уктатпай, Тегеренип кошо жүрсө жарганат. Ал жарганат, ал тынчы жок жалбырак, Ал ай менмин карап турган жалдырап. Ыйык сырды мен билсем да, сен билсең, Сен түш көрсөң, ал түшүң мен кирсем. Сүрөтүңө мас болгондой таң калып, Сөз сүйлөбөй сени тиктеп телмирсем. Бир сен үчүн унутуп бүт дүйнөнү, Билгин, жаным, жүрөгүмдүн күйгөнүн.
  • Биз жолуктук, билбейм, качан, үмүтүм, Бийлеп алдың жүрөгүмдү сен бүтүн. Бир жолу эмес, Тагдырга миң, таалайыма ырахмат. Бизди кошкон ошол бейпил, ошол айлуу Ошол сулуу түн үчүн. Мен өмүрдө далай жолу ыйладым, Мээрим издеп, өзүмдү-өзүм кыйнадым. Жолукканда ошол күнү, Эң биринчи жолукканда өзүңө. Көңүл дегдеп, көлкүлдөдүм, толкундадым, Жүрөгүмө сыйбадым. Ошондогу сулуулугу, эй, дүйнөнүн! Мен Жер шаарын бүт айланып жүргөнмүн. Кайырма: Билбесем да бар экенин, Бул дүйнөдө ак сүйүү. Качандыр бир, Мен өзүңө эрте-кечтир, Жолугарым билгенмин.
  • Мезгил сансыз өтсө дагы арадан, Мен өзүңдү табам го деп самагам. Карааныңа куса болдум көп издеп, Кайдасың сен жүрөк гүлүм садагам? Кайдасың сен жүрөк сүйгөн садагам! Кыламыктан көрүнөр деп издериң, Кычыраган кышкы аязда издедим. Аракетим текке кетип анда да, Антсе дагы сенден күдөр үзбөдүм. Анда дагы сенден үмүт үзбөдүм. Мейли мезгил өтө берсин токтобой, Мен өзүңдү бул дүйнөдөн жоктобойм. Ыр жашаган жүрөгүмдө жашайсың, Элестериң эч бир жанга окшобой. Мүнөздөрүң эч бир жанга окшобой. Ыр түнөгөн жүрөгүмдө түнөйсүң, Кыялдарың эч бир жанга окшобой.
  • Түндөгү гана менин түшүмдө, Түйүнүн гана эркем түшүнсө. Түңүлбө гана менден жаш көңүл, И койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө. Абалкы менин түшүмдө, Абайлап эркем түшүнсө. Андагы гана көргөн түшүмдү, Айныбас үчүн түзүлсө. Санаама түшсөң ар дайым, Сабылып гана жүрөк оорутам. Сен үчүн көргөн түшүмдү, Сырдашып кимге жорутам?
  • Ай нуру бизге төгүлдү, Же, алтыным, аччы көңүлдү. Ардактап жүрүп өтөлү, Алдыда жапжаш өмүрдү. Күн нуру бизге төгүлдү, Же, күмүшүм, аччы көңүлдү. Гүлдөтүп жүрүп өтөлү, Күлгүндөй жапжаш өмүрдү. Жалбырак учат дирилдеп, Же жабыккан түрүн билдирер. Жашылдуу кезде жайнайлы, Жашообуз канча ким билет? Алыска кетем эл үчүн, Же кайрылып келем сен үчүн. Ардактап ырдап жүрө көр, Асылкеч курбум, мен үчүн.
  • Сен кызыл гүл жайнаган, Мен булбул бакта сайраган. Сен бир панар, мен паана, Жарыгың тийсе жайланам. Кылчайып булбул конууга, Кызыгат кызыл гүлүңө. Бурулуп кулак сала жүр, Булбулдун мукам үнүнө. Сен пароход көлдөгү, Мен кемечи, айдаган. Баш кошуп жаңы жетерде, Багымды толкун байлаган. Күлүп өт, гүлүң бар чакта, Күйүттү бойго таркатпа. Бурулуп бакта сайраган, Булбулдун тилин чарчатпа.
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай, Жүзүң жанат балбылдаган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп, көпкө жүрдүк, жаркыдык, Кеткичекти аппак болуп таң атып.
  • Убайым тартып алыстан, Унутуп бардык нерсени. Сары оору болуп ансыз да, Сагындым, туулган жер, сени. Канатым болсо азыр мен, Калкылдап учуп жетсем дейм. Калдайган сары талааңа, Карлыгач болуп кетсем бейм. Уктасам кирип түшүмө, Аргымак чапкан талаалар. Тыйылбай такыр кусалык, Тынчыбай койду санаалар!
  • Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап, Эркелетип окутам деп «каз-каздап». Эркелеттиң, «айланайын уулум» деп, «Мен уулумдун көтөрөйүн уулун» деп. «Мен уулумдун көтөрөйүн кызын» деп. Кайырма: Апакем, апакем, Кадырлуусуң дайым сен. Эгер азыр сен болсоң, Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен. Эмне кылам, не кылам? Арга таппай мен турам. Жайыңыз жаннаттан болсун деп Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан. Апа деген ушунчалык ыйык белең? Элесиңди жүрөгүмө сактап келем. Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары Дүйнөдөгү ыйык сөздү «апа» деген? Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын, Көрбөйсүң го байчечекей ачканын. Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун, Небереңдин жаңы там-тум басканын. Небереңдин энекелеп айтканын.
  • Сага арнап жакшы ыр жаздым, Сага айтам жүрөк сырларын. Сени менен өмүр уладым, Толкунданып бүгүн ырдадым. Кайырма: Балдардын көрсөк убайын, Батасын алып туугандын. Бактылуу өмүр сүрөлү, Эркелеп койчу, жубайым. Сапар улап алыстан келемин, Сага арнаган менин белегим. Өмүр бою менин керегим, Кымбатым менин кыздарым, Кыйналбасын балдарым. Өксүү эмне билбесин, Ата-эне арманын. Кайырма:
  • Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап, Эркелетип окутам деп «каз-каздап». Эркелеттиң, «айланайын уулум» деп, «Мен уулумдун көтөрөйүн уулун» деп. «Мен уулумдун көтөрөйүн кызын» деп. Кайырма: Апакем, апакем, Кадырлуусуң дайым сен. Эгер азыр сен болсоң, Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен. Эмне кылам, не кылам? Арга таппай мен турам. Жайыңыз жаннаттан болсун деп Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан. Апа деген ушунчалык ыйык белең? Элесиңди жүрөгүмө сактап келем. Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары Дүйнөдөгү ыйык сөздү «апа» деген? Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын, Көрбөйсүң го байчечекей ачканын. Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун, Небереңдин жаңы там-тум басканын. Небереңдин энекелеп айтканын. Кайырма:
  • Атаке, бактыбызга эсен болгун, Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум. Атаке, балдарыңдын сыйын көргүн, Атаке, балдарыңдын тоюн көргүн. Атакем, оорубастан эсен жүргүн. Ээ-эй, дүйнөдө ата-эне дайым болсун, Балдары ата-энесин кордобосун. Бул күндө ата-энебиз аман болсун! Чоң ата, чоң энемдер, келгилечи, Таене, батаңарды бергилечи. Туугандар, келгилечи чогулалы, Чогулуп жарык маанай отуралы. Өткөндү, кайгыны биз унуталы. Ээ-эй, балалык, жаштыгым өттүбү кайгыда? Эми мен өткөрбөйм, максатым алдыда. Өмүрдү өткөрбөйм мен эми кайгыда, Мен эми өткөрбөйм, максатым алдыда. Атаке, бактыбызга эсен жүргүн, Эркелеп маңдайыңда мен чоңойдум. Атаке, балдарыңдын сыйын көргүн, Атаке, балдарыңдын тоюн көргүн. Атакем, оорубастан эсен жүргүн.
  • Айдай деймин келбетиңди, Жылт этсе да ай сага. Күн сайын ал көрүнөт, Күтөм сени мен канчага? Шылдырына, ай, булактын, Обонумду мен теңедим. Күлкү толгон көздөрүңө, Теңдеш таппай келемин. Кайырма: Нурия, Нурия Ак сүйүүмсүң сен мага. Нурия, Нурия, Күтөм сени мен канчага?
  • Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап, Эркелетип окутам деп «каз-каздап». Эркелеттиң, «айланайын уулум» деп, «Мен уулумдун көтөрөйүн уулун» деп. «Мен уулумдун көтөрөйүн кызын» деп. Кайырма: Апакем, апакем, Кадырлуусуң дайым сен. Эгер азыр сен болсоң, Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен. Эмне кылам, не кылам? Арга таппай мен турам. Жайыңыз жаннаттан болсун деп Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан. Апа деген ушунчалык ыйык белең? Элесиңди жүрөгүмө сактап келем. Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары Дүйнөдөгү ыйык сөздү «апа» деген? Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын, Көрбөйсүң го байчечекей ачканын. Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун, Небереңдин жаңы там-тум басканын. Небереңдин энекелеп айтканын. Кайырма: